Мазмунга өтүү

Лана Дель Рей

Википедия — ачык энциклопедия
Лана Дель Рей
Lana Del Rey
Негизги маалымат
Төрөлгөндөгү ысымы

Элизабет Вулриж Грант

Туулган датасы

21-июнь 1985-жыл

Туулган жери

Нью-Йорк, АКШ

Кесиптери
  • ырчы
  • ыр жазуучу
Аспаптары

Вокал

Жанрлары
  • альтернативдүү поп
  • барокко-поп
  • дрим-поп
  • рок
Активдүү жылдары

2005—а.у.

Каймана аты

Lizzy Grant, Lana Rey Del Mar, Sparkle Jump Rope Queen, May Jailer

Лейблдар

5 Points Records
(2007—2010)
Stranger Records
(2011—2012)
Polydor, Interscope
(2012-жылдан)

Альма-матер

Fordham University

Автографы

lanadelrey.com

Лана Дель Рей (англ. Lana Del Rey); чыныгы аты — Элизабет Вулриж Грант (англ. Elizabeth Woolridge Grant); (21-июнь 1985-жыл) — америкалык ырчы, көптөгөн ырлардын автору жана поэтесса катары да белгилүү. Ырчынын айрым чыгармалары АКШда жана дүйнөнүн башка мамлекеттеринде платина макамын алган. Лана өзүнүн меланхолиялуу маанайдагы ырлары, сезимтал үнү жана 1950–60-жылдардагы америкалык поп-маданиятка жасаган шилтемелери менен күйөрмандарын өзүнө тартып келет[1]. Ал 11 жолу "Грэмми" сыйлыгына номинацияланган. "Variety" журналы аны 21-кылымдын эң таасирдүү автор-аткаруучуларынын бири деп атаган[2][3]. "Rolling Stone" журналы аны бардык мезгилдердин эң мыкты 200 ырчысынын катарына киргизген[4].

Нью-Йорк шаарында жашаган Лананын балалык чагы Лейк-Плэсид аттуу чакан шаарда өткөн. Анын чыгармачылык жолу 2000-жылдары Нью-Йоркко кайтып келип, максаттарын ишке ашырууга аракет кылгандан кийин башталган. Башында ал өзүнүн аты менен чыгып, көз карандысыз музыкалык долбоорлорду чыгарган. Анын кеңири таанылуусу 2011-жылы “Video Games” аттуу сингли интернетте чоң популярдуулукка жетип, ири лейблдердин көңүлүн бурган учурда болгон.

2012-жылы чыккан Born to Die аттуу экинчи альбому анын чыгармачылыгындагы бурулуш учур болуп, ири критикалык жана коммерциялык ийгиликтерге жетишти жана ошондой эле кеңири таанылууга жеткирди. Альбомдо кайгылуу маанай менен хип-хоп ритмдеринин айкалышы байкалат. Андагы "Summertime Sadness" аттуу ыр акырындык менен хитке айланып, көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланды. Бул альбом көптөгөн өлкөлөрдө популярдуу болуп, Billboard 200 рейтингинде 500 жумадан ашык турган аял ырчынын экинчи альбому болду.

2019-жылы чыккан, сынчылар жогору баалаган алтынчы альбому Norman Fucking Rockwell! 62-Грэмми сыйлыгында "Жылдын альбому" наамына талапкер болуп, Rolling Stone журналынын "Бардык мезгилдердин 500 мыкты альбому" тизмесине кирген[5]. 2023-жылы Лана тогузунчу студиялык альбому Did You Know That There's a Tunnel Under Ocean Blvd альбумун чыгарып, анда сынчылар жактырган "A&W" аттуу сингли чыккан. Бул ыр да Rolling Stone тарабынан эң мыкты 500 ырдын катарына кошулган[6]. Ошол эле жылы ал "Say Yes to Heaven" аттуу синглин чыгарып, ал Billboard Global 200 рейтингинде жыйырма алдыңкы ырлардын катарына кирген.

Лана Дель Рей ар кандай фильмдер үчүн саундтректерди жаратуу менен да таанылган. 2013-жылы ал өзү жазып, башкы ролду аткарган Tropico[7] аттуу музыкалык кыска тасма жарык көрүп, сынчылардан жогору баа алган. Ошол эле жылы ал The Great Gatsby фильми үчүн жазылган "Young and Beautiful" ырын чыгарып, бул чыгарма Грэмми жана Critics' Choice сыйлыктарына талапкер болгон. 2014-жылы ал Maleficent фильми үчүн "Once Upon a Dream" ырын жана Big Eyes биографиялык тасмасынын башкы титулдук темасын аткарган. Бул соңку ыр "Алтын глобус" сыйлыгына көрсөтүлгөн[8]. 2019-жылы болсо ал Charlie’s Angels тасмасы үчүн "Don’t Call Me Angel" деген кызматташтык ырын жазган. 2020-жылы Лана өзүнүн поэзия жана сүрөттөрдөн турган Violet Bent Backwards over the Grass аттуу жыйнагын жарыялаган.

Лана Дель Рей 2024-жылы 26-сентябрда Луизиана штатында Жереми Дюфренге турмушка чыккан[9]. Дюфрен — Луизиананын Дес Аллемандс шаарында экскурсия кайыктарынын капитаны. Дель Рей аны 2019-жылы гастролдо жүргөндө жолуктурган[10].

  • Lana Del Ray (2010)
  • Born to Die (2012)
  • Ultraviolence (2014)
  • Honeymoon (2015)
  • Lust for Life (2017)
  • Norman Fucking Rockwell! (2019)
  • Chemtrails over the Country Club (2021)
  • Blue Banisters (2021)
  • Did You Know That There's a Tunnel Under Ocean Blvd (2023)
  • Classic (2025)

Фильмография

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Poolside (кырг. Бассейн) (2010)
  • National Anthem (кырг. Улуттук гимн) (2012)
  • Ride (2012)
  • Tropico (кырг. Тропико) (2013)
  • Hi, How Are You Daniel Johnston? (кырг. Салам, Дениэл Жонстон кандайсыз?) (2015)
  • Freak (2016)
  • Tower of Song: A Memorial Tribute to Leonard Cohen (2017)
  • The Kacey Musgraves Christmas Show (2019)
  • Norman Fucking Rockwell (2019)

Концерттик турлар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Жылдар Аталышы
2011—2012 Born to Die Tour
2013—2014 Paradise Tour
2015 The Endless Summer Tour
2016 The Festival Tour
2018 LA to the Moon Tour
2019—2020 The Norman Fucking Rockwell Tour[11]
2023—2024 Did you know that there's a tour around the world
2025 UK and Ireland Tour[12]
  1. Лана Дель Рей (орусча). 24smi.org. Текшерилген күнү 22 -май (бугу) 2025.
  2. Jack Harlow, Olivia Rodrigo, Lil Nas X, Lana Del Rey and More to Be Honored at Variety’s Hitmakers Event (англ.). variety.com. Текшерилген күнү 22 -май (бугу) 2025.
  3. Lana Del Rey Gives Emotional Speech While Accepting Variety Hitmakers’ Decade Award: ‘I’m Grateful for All the Criticism — I Get a Lot’ (англ.). variety.com. Текшерилген күнү 22 -май (бугу) 2025.
  4. The 200 Greatest Singers of All Time. (англ.). rollingstone.com. Текшерилген күнү 22 -май (бугу) 2025.
  5. Rolling Stone 500 Greatest Albums Of All Time (англ.). Rolling Stone. Текшерилген күнү 22 -май (бугу) 2025.
  6. The 500 Greatest Songs of All Time (англ.). rollingstone.com. Текшерилген күнү 22 -май (бугу) 2025.
  7. Why Did Lana Del Rey Make a 30-Minute Video About God, and What Does It Mean for Me? (англ.). thefader.com. Текшерилген күнү 22 -май (бугу) 2025.
  8. Coldplay, Lorde, Lana Del Rey Make Best Original Song Oscar Shortlist (англ.). rollingstone.com. Текшерилген күнү 22 -май (бугу) 2025.
  9. Лана Дель Рей вышла замуж за охотника за аллигаторами Джереми Дюфрена. (орусча). rbc.ru. Текшерилген күнү 22 -май (бугу) 2025.
  10. All About Lana Del Rey’s Husband, Jeremy Dufrene (англ.). elle.com. Текшерилген күнү 22 -май (бугу) 2025.
  11. Daniel Kreps. Lana Del Rey Sets First Leg of Norman F-cking Rockwell Tour (англ.). rollingstone.com. Текшерилген күнү 22 -май (бугу) 2025.
  12. Lana Del Rey Announces Dates For 2025 U.K. and Ireland Stadium Shows (англ.). billboard.com. Текшерилген күнү 22 -май (бугу) 2025.