Ландау диагмагнетизми
Ландау диагмагнетизми - сырткы магнит талаадагы эркин электрондордун диамагнетизми.
Аны 1930-ж. Л. Д. Ландау ачкан. Чыңалышы Н магнит талаасына жайгашкан көп сандаган электрондордун магнит касиети электрондордун өздүк магнит моментинин (спининин) бар болушуна жана магнит талаасынын таасиринен ал эркин электрондордун кыймылынын өзгөрүшүнө жараша пайда болот. Магнит талаасы электрондордун кыймыл траекториясын кыйшайтат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.