Латын жазуусу

Википедия дан

Латын жазуусуРим шаарынын кичинекей бир Лациум деген аймагында жашагандардын гана жазуусу катары колдонулган. Биздин заманга чейин 753-ж. негизделген. Латын тилинин негизинде 23 тамгадан турат. Латын жазуусунун өнүгүшү жана бирдиктүү алфавиттик система катары кеңири белгилүү болуп элге тарай башташы 16-кылымда кагаздын пайда болушу жана китеп басып чыгаруунун жолго коюлушу менен шартталган. латын жазуусунун алфавити орто кылымда улуттар аралык карым-катнаштын каражаты катары Европа, Азия, Африка континенттериндеги өлкөлөргө да тараган. Көп элдердин жазуусу ушул алфавиттин негизинде жаралып, латын жазуусу ал элдердин жазуусу үчүн үлгү катары пайдаланылат. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 90дон ашык өлкөсүндө латын жазуусу пайдаланылат (2010). 1927–41-ж. кыргыздар да латын алфавитин колдонгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7