Латын согуштары

Википедия дан

Латын согуштары – Латын союзундагы шаарлардын Рим гегемондугуна каршы жүргүзгөн согуштары. 1-Латын согуштары биздин заманга чейин 496-ж. башталып, Рим башында турган Латын союзунун Кассий келишиминин (493) негизинде калыбына келтирилиши менен аяктаган. Курамына кирген шаарларга бирдей укуктар берилген. Ири аймактарды ээлеп, үстөмдүккө жетишкен Рим менен союздаштардын (Рим сенатына бирдей укукта катышуу, консулдук кызматтарды ээлөө, Рим жарандыгын алуу жана башка талаптарына Римдин макул эместиги) ортосундагы каршылык 2-Латын согушуна (биздин заманга чейин 340–338-ж.) алып келген. Натыйжада Латын союзу жоюлуп, латындардын Рим мамлекетинин курамына киришине алып келген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7