Легирленген болот

Википедия дан

Легирленген болот – технологиялык касиетин жакшыртуу үчүн курамына легирлөөчү элементтер кошулган болот. Легирлөөчү элементтер балкып, эриген болотко ферроэритме же лигатура түрүндө киргизилет. Алардын жалпы саны 2,5% болсо, начары 2,5тен 10%ке чейин, орточосу жана 10%тен жогоркусу жакшы легирленген деп эсептелет. Хром, никель, молибден, вольфрам, ванадий, марганец, титан – өтө кеңири колдонулган легирлөөчү элементтер. Легирлөөчү 2, 3 жана андан көп элементтер ар кандай катышта жана өлчөмдө кошулат. Ошого жараша легирленген болот хромдуу, хромененикелдүү, хромененикель молибдендүү, хромененикель-вольфрамдуу жана башка, пайдаланылышына жараша конструкция болот, аспаптык болот жана өзгөчө касиеттүү (электр-техникалык, дат баспоочу, ысыкка чыдамдуу жана башка) болот деп айырмаланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7