Лейден Университети
Лейден Университети (англ. Leiden University; кыскартылышы ЛУ) - Лейден шаарында жайгашкан, Голландиянын эски университети болуп саналат . Университет 1575-жылы 80 жылдык согуш учурундагы Голландия көтөрүлүшүнүн лидери Орейнж ханзадасы Улиам негиздеген. Голландиялык падыша үй-бүлөсү жана Лейден университети дагы эле жакшы мамиледе; Шахзада Жулиана, Беатрикс жана падыша Улием-Александр дагы бул университеттин мурдагы студенттери.
Лейден Университетинин 7 факультети, 50 бөлүмү бар, жана ал мыкты эл аралык кадыр-баркка ээ. 2013-жылы Times Higher Education World University рейтингинде Голландияда биринчи орунду, дүйнө жүзү боюнча 28- орунду жана эл аралык кадыр-баркы боюнча 61-орунду ээлеген. Шанхай Жиао Тоң Университетинин 2011-жылкы академиялык рейтингинде 29-мыкты жогорку окуу жайы катары белгиленген. The Times Higher Education World University рейтинги Лейден университетин Европа континетинде гуманитардык жана көркөм өнөр боюнча дайыма мыкты жогорку окуу жай деп белгилеп келет. Университетте Голландиянын азыркы өкмөт башчысы Марк Рүтте жана башка 10 лидер, Америка Кошмо Штаттарынын 6-президенти Джон Куинси Адамс, НАТОнун башкы катчысы, Эл аралык соттун Президенти, Нобель сыйлыгын алган 16 окумуштуу (анын ичинде белгилүү физик Алберт Эйнштейн жана Энрико Ферми) билим алган.