Лейпциг процесси

Википедия дан

Лейпциг процесси (1933) – Берлинде Германия рейхстагынын өрттөлүшү тууралуу иш боюнча саясий процесс. 1933-ж. 21-сентябрдан 23- декабрга чейин Лейпциг шаарында өткөн. 1933-ж. январда бийликке келген улутчул-социалистик немис жумушчу партиясынын өкүлдөрү Германия коммунисттик партиясынын таасирин төмөндөтүп, аны саясий майдандан четтетүү үчүн Г. Герингдин (фашисттик Германиянын мамлекеттик жана саясий ишмери, негизги аскер кылмышкерлеринин бири) көрсөтмөсү боюнча 1933-ж. 27-февралга караган түнү Рейхстагды өрттөп, коммунисттерге жалаа жаап, массалык террор жүргүзгөн. Германия коммунисттик партиясынын Рейхстагдагы фракциясынын төрагасы Э. Торглер, болгар коммунисттери Г. Димитров, Б. Попов, В. Танев жана нидерланд анархисти М. Ван дер Люббе процесстин негизги айыпталуучулары болгон. Лейпциг процесси башталганда эле башкы айыпталуучу – Г. Димитров рейхстагдын өрттөнүшү фашисттик диктатуранын иши экенин далилдеп, сот трибунасынан германиялык фашизмди ашкерелеген. Фашисттердин мындай чагымына нааразы болгон эл каршы чыгып, дүйнөнүн ири юристтеринен түзүлгөн комиссия 1933-ж. сентябрда Лондондо өткөн контрпроцессте Рейхстагды гитлерчилер өзү өрттөгөнүн далилдеген. Коммунисттердин кылмышка тиешеси бар экендиги далилденбегендиктен, германиялык сот аларды актоого аргасыз болгон, Марин ван дер Люббе өлүм жазасына тартылган. Э. Торглер, Г. Димитров, Б. Попов жана В. Танев акталган. 1934-ж. Г. Димитров, Б. Попов, В. Танев Москвага кетип, советтик жарандыкты алышкан. Э. Торглер 1936-ж. чейин камакта болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7