Лендлордизм
Лендлордизм (лендлорд дегенден) — Улуу Британиянын агрардык түзүлүшүнө мүнөздүү капит. типтеги ири жер ээлик системасы.
Лендлордизм лендлорддордун жерди монополиялап алышына негизделген. Лендлордизм Англияда 14— 15-кылымда калыптана баштан, Англиядагы буржуазиялык революция (17-к.) убагында чыңалган. 18-кылымда лендлорддор менчиктеген жерлерин тосмолоо менен дыйкандарды акырындап сүрүп чыгып, жер ак сөөктөрү менен бирге өлкөнүн саясий турмушунда жетекчи абалга ээ болгон.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.