Ленинград Кыргызстан достук байланыштары

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Ленинград Кыргызстан достук байланыштары — 1932-жылы 17-ноябрда Ленинград шаардык советинин президиуму Кыргыз АССРнын кайрылуусуна жооп иретинде Кыргызстанды шефке алуу жөнүндө токтом кабыл алган. 1933-жылы 23-февралда Бишкекте Ленсовет менен Кыргыз АССР Борбордук аткомунун өкүлдөрү шефке алуу жөнүндөгү келишимге кол коюшкан. Ленинград шаардык совети Кыргызстанга экономикалык жана маданий жардам көрсөтүү боюнча милдеттенмелерди кабыл алган. Кыргызстандын эмгекчилери Ленинградга азык-түлүк боюнча жардамдашууга, ленинграддыктарга Кыргызстандын курортторунан дарылануу үчүн орун берүүгө милдеттенишет.

1933-жылы Кыргызстандын эмгекчилери менен Кызыл Туулуу Балтика аскер деңиз флотунун моряктарынын ортосунда достук байланыш түзүлүп, кыргызстандыктар «Октябрь Революциясы» линкорун шефке алышкан. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде кыргызстандыктар курчоодо калган Ленинградга азык түлүк, кийим-кече, акчалай каражат жиберип турган. Ленинград Кыргызстандын колхоз, совхоздорун ачылып машиналары, жер семирткичтер менен камсыз кылып, энергетикалык, техникалык, полиграфиялык жабдууларды берип турган. Ошондой эле телефон жана телеграф тармактарын кеңейтүүгө жардамдашкан.

Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]