Ленинград - Кыргызстан достук байланыштары

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Ленинград - Кыргызстан достук байланыштарыЛенинград шаары менен Кыргызстандын өзгөчө карым-катышы. 1932-ж. 17-ноябрда Ленинград шаардык советинин президиуму Кыргыз АССРинин кайрылуусуна жооп иретинде Кыргызстанды шефке алуу жөнүндө токтом кабыл алган. 1933-ж. 23-февралда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында Ленсовет жана Кыргыз АССР Борбордук аткаруу комитетинин (БАК) өкүлдөрү шефке алуу жөнүндөгү келишимге кол коюшкан. Ленинград шаардык совети Кыргызстанга экономикалык жана маданий жактан жардам көрсөтүү боюнча милдеттенмелерди кабыл алган. Кыргызстандын эмгекчилери ленинграддыктарга азык-түлүк жагынан жардамдашуу, Кыргызстандын эс алуу жайларынан дарыланууга орун берүү жана башка иш-чараларга милдеттенишкен. 1933-ж. Кыргызстандын эмгекчилери менен Кызыл Туулуу Балтика аскер-деңиз флотунун моряктарынын ортосунда достук байланыш түзүлүп, кыргызстандыктар «Октябрь Революциясы» линкорун шефке алышкан. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде курчоодо калган Ленинградга кыргызстандыктар азык-түлүк, кийим-кече, акчалай каражат жиберип турган. Согуштан кийин ленинграддыктар Кыргызстанды айыл чарба машиналары, жер семирткичтер менен камсыз кылып, энергетикалык, техникалык, полиграфиялык жабдууларды берип турган. Ошондой эле телефон жана телеграф тармактарын кеңейтүүгө жардамдашкан.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7