Ленинчил жаш (гезит)

Википедия дан

«Ленинчил жаш» гезити - 1926-ж. негизделген. Кыргызстан ЛКЖС БКнын органы болгон. «Ленинчил жаш» гезити өз мезгилинде сабатсыздыкты жоюуда, жаштарды тарбиялоодо, ошондой эле адабият жана искусствонун өнүгүүсүнө чоң салым кошкон. Ошондой эле коомдогу жалпы эле социалдык, саясий, экономикалык жана эл аралык абалды чагылдырып турган. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган (1976). 1991-ж. «Жаштык жарчысы», кийин «Асаба» болуп өзгөргөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7