Ленин (Аламүдүн району)

Википедия дан
Ленин
Ленин
Өлкө

Кыргызстан

Тарыхы жана Географиясы
Калкы
Калкынын саны

8 278 (2007)

Жыштыгы

адам/км2

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

Ленин (кырг. Ленин) – Чүй облусунун Аламүдүн районундагы кыштак. Ленин атындагы айыл аймагына караштуу. Аламүдүн суусунун жана Бишкек – Алматы автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 610 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Лебединовка кыштагынан 15 км түндүк-батыш тарапта жана темир жол бекетинен 17 км. Кыштак 1907-ж. негизделген. Калкы 8 278 (2007); негизинен мал багып, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, кесиптик-техникалык окуу жайы, китепкана, оорукана, дарыкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жана тамактануучу жайлар иштейт. Улуу Ата Мекендик Согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.


Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]