Леонардо да Винчи

Википедия дан
Леонардо да Винчи

Леонардо да Винчи Италиялык улуу сүрөтчү жана ошондой эле живописчи, скульптор, архитектор жана анатом, математик, физик болгон. Аны көптөрү ошол замандын жана кылымдын көп тармактуу (универсалдуу) илимпозу, Италиялыктардын идеалдуу адамы деп атап коюшкан. Ошол кезде аны Чародей, же болбосо шайтанга кызмат кылуучу, Кудай Таала тарабынан улуу күчкө ээ Фауст деп да таанып жүрүшкөн. Мына ушундай улуу кереметтерди койнуна жашырган жана атына лакап катары көлөкөдөй жабыштырып жүргөн Леонардонун таланты кылымдарды карытканын жана да карыта берээрине шек жок. Анын калтырып кеткен легендарлуу эмгектеринин натыйжасынан, сүрөтчү, адам баласынын акылынын туу чокусун багындырган генийи катары тарыхта калды. Ал өзүнүн ысымын адамзаттын тарыхында "Көп тармактуу инсан" катары өчүрбөстөн алып жүрөөрүнө эч кимдин шеги жок. Леонардо кылымдардын маданиятынын диапозондук доорун жараткан бирден бир личност, талант, керемет…

Бала чагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бала чагында Леонардо жашаган үй

Леонардо да Винчи 1452-жылы 15-апрелде Флоренциядан алыс эмес, Винчи шаарчасына жакын Анкиано кыштагында, түнкү саат үчтөр чамасында (биздин убакыт менен алып караганда 22:30) жарык дүйнөгө келет. Леонардонун чоң атасынын жазып калтырган күндөлүгүндө "Менин неберем жана уулум Пьеронун баласы, 15-апрел күнү, ишембиде дүйнөгө келди. Баланын атын Леонардо койдук. Аны киндик атасы Пьеро ди Бартоломео", дейт. Леонардонун атасы Пьеро жана апасы кристиан кызы Катерина 25 жылдык тажрыйбасы бар нотариус болушкан. Леонардонун алгачкы бала кезеңи апасынын колунда өткөн. Атасы ошондон кийин эле бай аял алып үй-бүлөсүн таштап кетип калат. Бирок, алардын бактысына бала жыты туш болбогондуктан, Пьер үч жашаар баласын Катеринанын колунан алып кетип калат. Апасынан эрте айрылган Леонардо турмуш жолунда дейбизби, же эмгек жолундабы апасын сагынып күн өткөрүү менен, өзүнүн керемет чыгармаларында апасынын мээримин, жүзүн чагылдырганга аракет жасайт.
Ошол убакыттарды чоң атасынын үйүндө өткөрөт. Ошентип, Леонардо 13 жашка чыкканда өгөй апасы төрөттөн көз жумат. Атасы дагы үйлөнөт, бирок, бакыт таалайдын күнүн көрбөйт. Ал 67 жыл өмүр сүргөн, ошонун арасында төрт жолу төшөк жаңыртып, 12 баланын атасы болгон. Атасы Леонардого мыйзамдуу түрдө ата-бала катары жашайлы деп кийин көп жолу айткан, бирок сүрөтчү ага көнгөн эмес. Анын мыйзамдуу түрдө баласы болбосо да табигий түрдө баласымын деп өзүн жооткоткон.
Леонардонун фамилиясы жок болгон, жөн гана "да Винчи" деген. Бул фамилия катары айтылып жүргөн туулган шаарчасынын Винчи деген аты болгон. Аны аты-жөнүн толук атай турган болсок, италиянча Leonardo di ser Piero da Vinci. Ал эми бизче "Леонардо, Винчилик Пьеро мырзанын уулу" деп айтылат.

Верроккьо кесипканасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Леонардонун өлгөн жери Кло-Люсе

Верроккьо кесипканасы Италиянын интелектуалдар борбору болгон Флоренция шаарында жайгашкан. Ал жерде Леонардо алгачкы, же башталгыч эмгектерин жараткан. Ошондой эле билимдин очогу болгондуктан, техникалык жааттан дагы сабак алганга жетишкен. Мисалы ал чийүү, химия, темир ширетүүчү, гипс жана булгаары менен иштөө илимине сүңгүп кирген. Жаш мастер ошол эле мезгилде сүрөтчүлүгүн жерге таштаган эмес. Сүрөт тартуу, айкел чегүү жаатында дагы эмгектенип, окуп үйрөнүүгө далалат жасаган. Аталган кесипканада белгилүү мастерлер: Гирландайо, Перуджино, Боттичелли жана Лоренцо ди Кредилер кез-кези менен келип турушкан. Леонардонун шаардагы Верроккьо кесипканасына көңүлү абдан жакын болгондуктан, бир мезгилде атасы өзүнүн иштеген жерине алып келгенде, андан качып барып кайрадан өзүнүн көнгөн жерине келип алат. Ошентип таланттын алгачкы мезгилдери ошол жерден ачыла баштайт.
Леонардо Да Винчи 1473-жылы 20 жаш курагында, мастер Гильдин Лукинин квалификациясын алат. Бул ал үчүн абдан чоң жетишкендик болот.

Верроккьонун картинкасы. Леонардонун ийгиликтүү эмгеги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Верроккьо сүрөтү «Ыйсаны чокундуруу». Сол жагында периште (астынкы сол бурч) — Леонардонун кылкалеминен жаралган
Амбуаздагы Леонардонун эстелиги

XV кылымда Италиялыктардын алтын баштуу адамдары тарабынан искусствонун дагы бир ченеми жаралат. Алар эч кимде жок живописти жаратуунун жолунда алга карап жылып отурушат. Бул боюнча нечендеген талаш-тартыштар, жаш ойчулдар арасында талкуулар өткөрүлөт. Бирок, Леонардо андай жаратмандыкты эң биринчилерден болуп Верроккьо агайы экөө жаратышат. Бир күнү, устаканага "Христостун мээрими" аттуу сүрөт тартууга буйуртма келип түшөт. Аны Леонардо жана Верроккьо тартат. Ал дүйнөдө жок шедевр чыгарма катары таанылат. Агайына жардам берген Леонардонун таланты мына ушул сүрөттө ачык камтылган. Эмнеси болсо да улуу сүрөткердин ой-чабыты жогорку деңгээлде болгондугу жашыруун эмес. Ошол себептен, анын андан кийинки чыгармалары да турмуштун, тагдырдын жаңы жаралуусуна айгине болуп берет.

Таланттын ачылган маалы 1476-1513-жылдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мона Лиза (1503—1505/1506)

24 жашында Леонардо жана анын үч жолдошу жалган анималдуу сүрөттөрү үчүн сот жообуна тартылышат. Бирок, ал жагдайды кеч болсо да жеңип чыгууга аракеттери зор болот. Мына ошондон кийин сүрөткердин өмүр таржымалы өтө аз баяндала баштайт. Бирок, анын Флоренцияда белгилүү кесипканасы бар экени жашыруун эмес (1476-1481-жж). Ошол жерде күн өткөрүп, ошол жерден улуу чыгармаларын жарыкка алып келе баштайт. 1482-жылы жазылган Вазаринин эмгегинде (Леонардонун өмүр таржымалын өтө жакшы билген жазуучу) Леонардонун элге билинбеген дагы бир талантын эске алган. Ал эң жакшы ырдай алгандыгы менен да белгилүү болгон.

Жашоосунда…[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Леонардонун өтө көп жоро-жолдоштору жана окуучулары болгон. Ал эми сүйүү жаатына же болбосо аялдар менен түзгөн мамилеси боюнча жакшы деле кабар жок. Бул жаатын Леонардо жашоосунда жаап-жашырып келген деп айтылат. Өмүрүнүн акырына чейин үй-бүлө күткөн эмес. Аялдардан эч кандай көңүлдөштөрү жок болгон. Бирок, айрым маалыматтарга караганда, Леонардо Лодовико Моронун фавориткасы Чечилией Галлерани менен жакын ымалада болгондугун айтышат. Аны кийин "Жогорку баскычтагы айым" аттуу картинасында көрсөткөн деген ушактар бар. Аны эң жакын билгендердин катарындагы Вазаринин дагы бир айтымында, "ал эч качан жаш кыздар менен жана эркектер менен сексуалдуу катнашта болгон эмес. Анын жашоосундагы мындай ушактар эч кандай болбогон нерсе. Себеби ал, мындай жаман адаттарды атасынан көргөн жана атасынын жолун эч качан жолдобогондугун өмүрү өткөнчөктү айтып жүргөндүгүн эскерет. Эмнеси болсо да, апасын аяган Леонардо жашоосунда бир да жолу йлөнбөөнү чечет. Ал ошол боюнча жашоодон кете берди",-деп эскерет.

Жашоо аягы. Леонардонун акыркы күнү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өмүрүнүн акыркы күндөрүндө Леонардону жалаң ак сөөктөр чакыртып, сарайында иштетип калышкан. Падышалардын акчасын соргон Леонардо 1516-жылы Франциянын падышасынын чакырыгы менен Кло-Люсе имаратына барып өмүрүнүн акыркы 3 жылын окуучусу Франческо Мельци менен өткөрөт. Ал ошол мезгилде 10 ми скудо пенсиа алып жашаган. Ошентип Францияда жашоо кечип калган атактуу сүрөтчү ал жерде сүрөт тартпай калат. Амбуазеде үч жыл жашаган соң 67 жаштагы Леонардо ооруп төшөкө жатып калат. 1519-жылы 23-апрелде аны тегеректеген окуучуларынын жана көптөгөн жакын адамдарынын кармагында курман болот. Вазаринин айтымына караганда улуу сүрөтчүнү өзүнүн жакын досу, падыша Франциска 1 өлтүрткөнүн кабарлайт. Леонардо да Винчинин сөөгү Амбауз имааратына коюлган. Таштын бетинде: "Бул монастырдын дубалында улуу сүрөтчү, инженер Леонардо да Винчинин жансыз денеси жатат",- деп жазылган эстелик ташы дубалга илинип коюлган.
Леонардонун мураскери окуучусу Франческо Мельци. Ага акчадан тышкары анын картинкалары, инструменттери, китепканасы ж.б буюмдары калган. Салаи жана анын кызматкерине Леонардонун жүзүм талаасы ыйгарылган.

Галерея[түзөтүү | булагын түзөтүү]