Леониддер

Википедия дан
1966-ж. Леониддер жааны

Леониддер (Leonids) – жыл сайын ноябрь айынын ортосунда 33 жылга жакын мезгилде байкалуучу метеор агымы.

Асманда метеордун пайда болушунун көптүгү жана анын таралышы бирдей эмес. Метеор агымына системалуу байкоо жүргүзгөндө убакыттын белгилүү бир мөөнөтүндө асмандын бир эле областында пайда болот. Көпчүлүк Леониддер мезгилдүү кайталанат. Леониддерге байкоолор жүргүзүүнүн натыйжасында 1799-ж. радианта түшүнүгү киргизилген.

1833-ж. 13-ноябрдын түн ичинде 7 саат бою байкоо жүргүзүүдө 240 миң метеор катталган. Алардын 1866-ж-га кайтышы туура божомолдонгон. Метеордук агымдын орбиталарына жүргүзүлгөн эсептөөлөр 1866 I кометасынын орбитасына абдан окшош болгон. Бул болсо метеордук агымдар - бул кометалардын майдаланышынын (распад) продуктусу деп жыйынтык чыгарууга түрткү берген.

Метеордун радианты кайсы топ жылдызда жатса, ошол жылдыздын аты менен аталат. Метеор агымынын активдүүлүгү ар кайсы жылдарда ар түрдүүчө. 1966-ж. ноябрь ортосунда күчтүү Леониддер жааны байкалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
  • Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов