Алексей Леонов

Википедия дан
Леонов, Алексей Архипович‎»‎ барагынан багытталды)

Леонов Алексей Архипович -(30. 5. 1934-ж. т., Листвянка айылы, Тисуль району, Кемеров обл. - 11. 10. 2019) — СССРдин космонавт учкучу, генерал-майор, эки жолу Советтер Союзунун Баатыры (23. 3. 1965; 22. 7. 1975).

  • 1957-жылдан КПСС мүчөсү.
  • Чугуев аскер-авиац. окуу жайын бүткөндөн (1957) кийин, ААКтын бөлүктөрүндө учкуч болуп кызмат өтөгөн.
  • 1960-жылдан космонавт отрядында. 1968-ж. Н. Е. Жуковский атн. Аскер-аба инженердик академиясын бүткөн.
  • 1965-ж. 18-мартта «Восход-2» космос кемесинде экинчи учкуч болуп П. И. Беляев менен бирге космоско учкан.
  • Дүйнөдө биринчи болуп космосто кемеден сыртка чыгып, андан 5 м алыстап, космос мейкиндигинде 12 мин болгон.
  • 1975-ш. 15-июлда СОЮЗ-19 космос кемесинин командир болуп (В. Н. Кубасов м-н бирге) экпнчи жолу космоско учкан.
  • 7 сааттан кийин Америкадан астронавттар. Стаффорд, Д. Слейтон жана К. Бранд учкан «Аполлон» кемеси менен 17 - июлда ашташып, дүйнөдөгү Гаринин «Союз — Аполлон» эл аралык космос системасы биригишкен бойу 2 сутка бою учкан.
  • Бул биргелешкен учууда сов. жанa амер. экипаж программа боюнча белгиленген кеңири ил-тех. эксперименттерди жана изилдөөлөрдү жүргүзүп, экипаждар кемеден кемеге өтүп, өз өлкөлөрүнүүн желектерин алмашышкан.
  • 19-июлда кемелер кайрадан бөлүнүшүп, «Союз-19» 11-июлда СССР аймагьша, «Аполлон» 25-мюлда Тынч океанга конгон.
  • Эки Ленин ордени, Кызыл Жылдыз ордени. о. эле чет өлкөлүк көптөгөн орден жанa медалдар менен сыйланган.
  • Ага БЭРдин Соц. Эмг. Баатыры, ВДРдин Баатыры деген наамдар берилген.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.