Мазмунга өтүү

Лео XIV

Википедия — ачык энциклопедия
Лео XIV
Роберт Фрэнсис Превост
Лео XIV
Желек
Желек
Рим папасы
 8-май, 2025
Андан мурунку: Франциск
Желек
Желек
Епископтордун иши боюнча Дикастериясынын префект
30-январь, 2023 — 8-май, 2025
Андан мурунку: Кардинал Марк Уэлле
Желек
Желек
Чиклайо епискобу
26-сентябрь, 2015 — 30-январь, 2023
Андан мурунку: Хесус Молине Лабарте
Андан кийинки: Эдинсон Эдгардо Фарфан Кордова
 
Жарандыгы:  АКШ
 Перу
 Ватикан
Туулган жери: АКШ, Иллинойс, Чикаго
Атасы: Луи Мариус Прево
 
Автограф: Кол тамгасы
 
Сыйлыктары:

Bailiff Knight Grand Cross of Honour and Devotion of the Order of Saint John

Лео XIV (лат. Leo PP. XIV), туулганда ыйгарылган ысымы — Роберт Френсист Превост (англ. Robert Francis Prevost) — рим епискобу, 2025-жылы 21-апрелинде рим папасы Франциск каза болгондон кийин, 2025-жылдын 8-майында конклав тарабынан рим папасы жана Ватикандын башчысы болуп шайланган[1][2].

1955-жылы 14-сентябрда АКШнын Иллинойс штатынын Чикаго шаарында туулган жана шаардын түштүк тарабындагы чакан шаарчада чоңойгон.

Роберт Френсист Превост 1977-жылы Ыйык Августин орденинин кечили болуп, 1982-жылы дин кызматчысы болуп дайындалган.

1985-1986 жана 1988-1998-жылдары Перуда диний миссионердик иш жургузуп, чиркөө пастору, епархиялык кызматкери, семинариянын мугалими жана администратор сыяктуу ар кандай кызматтарды аткарган.

2001-2013-жылдары Ыйык Августин орденинин генерал-приору болуп шайланган, кийинчерээк 2015-2023-жылдары Чиклайонун епискобу болуп Перуга кайрадан кайтып келген.

2023-жылы епископтордун иши боюнча Дикастериянын префекти, Латын Америкасы боюнча Рим папасынын комиссиясынын президенти болуп дайындалган жана ошол эле жылы кардинал титулун алган.

Лео XIV — Америка Кошмо Штаттарынын жараны жана Перунун жараны болгон биринчи рим папасы, Түндүк Америкадан чыкан биринчи рим папасы, Францисктен кийинки Америкадан келген экинчи рим папасы. Ыйык Августин орденинин мүчөлөрүнүнүн арасынан шайланган биринчи рим папасы болуп саналат.

Лео XIV балалык чагы өткөн үй

Бала чагы жана билими

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Роберт Фрэнсис Прево 1955-жылы 14-сентябрда АКШнын Иллинойс штатына караштуу Чикаго шаарында төрөлгөн. Атасы Луи Мариус Прево — француз жана италян улутундагы мектеп администратору, ал эми энеси Милдред Мартинес — испан улутундагы китепканачы болгон[3].

1973-жылы Ыйык Августин орденине таандык чакан семинариядан орто билим алган. 1977-жылы Вилланова университетинен математика илимдери боюнча бакалавр даражасын алган. Ошол эле жылы 1-сентябрда Августин орденине мүчө болуп кошулган. Биринчи дин кызматкеринин антын 1978-жылы 2-сентябрда[4], ал эми толук жана түбөлүктүү диний анттын 1981-жылы 29-августта берген. 1982-жылы Чикагодогу католик теологиялык бирлигинде «Теология» боюнча магистр даражасын алган[5].

Лео XIV эки бир тууганы бар — пенсиядагы аскер кызматкери Луи жана католик мектебинин мурдагы директору Жон.

Лео XIV англис, испан, италиян, француз жана португал тилдеринде сүйлөй алат, ошондой эле латын жана немис тилдеринде окуй алат.

Диний кызматы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Превост 1982-жылдын 19-июнунда Рим шаарында Ыйык Августин орденинин дин кызматкери болуп дайындалган. Ал 1984-жылы жана 1987-жылы Римдеги Ыйык Фома Аквинский атындагы папалык университетинен канондук укук боюнча лиценциат жана докторлук даражаларды алган[6][7].

1985-жылы Превост августинчилердин Перудагы миссиясына кошулган. Ал 1985–1986-жылдары Чулуканас аймактык прелатурасынын канцлери болуп иштеген[4]. 1987–1988-жылдары АКШда пастордук жана Чикагодогу августин провинциясынын миссиялык директору катары кызмат кылган. Кийин Перуга кайтып келип, он жыл бою Трухильодогу августин семинариясынын жетекчиси жана епархиялык семинарияда канон укугун окутуучу мугалим болгон. Ал ошондой эле билим берүү боюнча префект, чиркөө сотунун судьясы жана Трухильонун Кеңешчилер коллегиясынын мүчөсү болгон. Шаардын чет жакасында жайгашкан августин жамаатын да жетектеген[8].

Августин орденин жетектөөсү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1998-жылы Превост Чикагодогу августин провинциясынын провинциалы болуп шайланып, 1999-жылдын 8-мартында бул кызматты аткаруу максатында АКШга кайрадан кайтып келген[4].

2001-жылы Превост августин орденинин монастырынын башчысы болуп алты жылдык мөөнөткө, ал эми 2007-жылы экинчи мөөнөткө кайрадан шайланган. 2013–2014-жылдары Чикагодогу Ыйык Августин монастырында билим берүү боюнча директору болуп эмгектенген[8].

Чиклайо епискобу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2014-жылдын 3-ноябрында Папа Франциск Превостту Чиклайо епархиясынын апостолдук администратору жана Суфар титулярдык епискобу кылып дайындаган. Ал епископтук ыйгарым укукту 2014-жылдын 12-декабрында алган[9]. 2015-жылдын 26-сентябрында расмий түрдө Чиклайо епискобу болуп дайындалган[6].

2019-жылдын 13-июлунда Превост дин кызматкерлери боюнча конгрегациянын мүчөсү болгон. 2020-жылдын 15-апрелинде Кальяо епархиясынын апостолдук администратору болуп дайындалган[10]. Рим папасы Франциск 2020-жылдын 21-ноябрында Епископтор боюнча Конгрегациянын мүчөсү кылып дайындалган[11].

Перудагу католик епископторунун конференциясынын 2018–2020-жылдардагы туруктуу кеңештин мүчөлөрүнүн катарында болгон. 2019-жылы билим берүү жана маданият боюнча комиссиясынын төрагасы болуп шайланган. Ошондой эле «Каритас» уюмунун жетекчилеринин бири болгон. 2021-жылдын 1-мартында Папа Франциск менен жеке жолугушуу өткөргөн[12], бул анын Римге же Чикакого диний кызматкери болупдайындалышы мүмкүн деген жоромолдорду жараткан[13].

Епископтордун иши боюнча Дикастериянын префекти

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2023-жылдын 30-январында Папа Франциск Превостту Епископтор боюнча Дикастериянын префекти кылып дайындаган, 2023-жылдын 12-апрелинен тартып бул кызматты аткара баштаган. Ошол эле учурда ал Чиклайонун ардактуу епискобу титулуна ээ болгон[14].

2023-жылдын 9-июлунда Папа Франциск 2023-жылдын 30-сентябрына пландалган консисторияда Превостту кардинал даражасына чейин көтөрөрүн жарыялаган[15].

2025-жылдын 6-февралында Папа Франциск Роберт Фрэнсис Превостго Альбано субурбикардык епархиясынын даражасын ыйгаруу менен кардинал-епискоб даражасына көтөргөн[16].

Рим папасы болуп шайланышы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2025-жылдын 8-майында өткөн конклавдын добуш берүүсүнүн төртүнчү добуш берүү айлампасында рим папасы болуп шайланган.

Борбордук Европанын убактысы боюнча саат 18:08 Сикстин капелласынын мору аркылуу ак түтүн чыгып, саат 19:21 кардинал-протодьякон Доминик Мамберти эл алдына чыгып жаңы рим папа — Роберт Фрэнсис Превост шайланганын жана ал Лео XIV ысымын таандаганын жарыялаган[17].

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]