Лепидолит

Википедия дан
Лепидолит.

Лепидолит (гр. lepis — кабырчык жанa litho3— таш) — слюдалар тобундагы минерал.

Составында Li20 1,23—5,9%, кошумча иретинде F2+, Mn, Cs, Rb, Na кезигет. Моноклин системасында кристаллданат. Ак, кызгылт, кызгылт көгүш, кээде түссуз. Катуулугу минералдар шкаласы боюнча 2,5—4. Салышт. салм. 2,9. Лепидолит сподумен, топаз, касситерит, турмалин, флюорит ж. б. минералдар менн бирге гранит пегматиттеринде, грейзендерде, гидротерм тарамдарында кезигет. Li, Rb, CS рудалары алынат жанa тоо тектердин геол. абс. жашын аныктоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.