Леувен католик университети

Леувен католик университети (нидерл. KU Leuven; ошондой эле Леувен КУ же Леувен Университети) - Белгиянын голланд тилин сүйлөгөн Леувен шаарында жайгашкан илимий-изилдөө университети. Ал илимий-изилдөөлөрдү жүргүзүп, инженер, гуманитардык, дары-дармек, юридикалык жана коомдук илимдердин изилдеп, жана кызматтарды жүргүзөт.
Леувен шаарындагы негизги кампустан тышкары Котрик, Антверп, Гент, Бруджес, Остенд, Гил, Диепенбек, Аалст, Синт-Кейтлин-Вейвер жана Белгиянын борбор шаары Брюсселде кампустары бар. Леувен Университети Белгиядагы жана төмөнкү өлкөлөрдө чоң университет болуп саналат. (2014-15-жылдын жыйынтыктарында 55000 студент кабыл алынды.) Негизи окуу сабактар голланд тилинде жүргүзүлөт, жана кээ бир программалар, айрыкча магистратуралар англис тилинде окутулат.
Леувен дүйнөдө эң мыкты 100 университеттин рейтингине кирет. 2016-2017-жылдары Леувен Таймс Жогорку билим берүүнүн негизинде 40-орунду ээлейт, QS Дүйнөлүк Университтердин Рейтингинде 79-орунду, жана Дүйнөлүк ЖОЖдордун академиясынын рейтингинде 93-орунду ээлейт . 2017-жылы Томсон Раутерс Леувен Университетин Европадагы эң иновациялык университет деп жарыялаган. Бул Төмөнкү Өлкөлөрдө жогорку орунду ээлеген университет болуп саналат.