Лианалар

Википедия дан
Лиана.

Лианалар (фр. liane-lier – байланышуу, оролуу) – сабагы өз алдынча тик өсө албаган, жанаша өскөн өсүмдүккө же тиректерге оролуп же жармашып өсүүчү ийилгич узун сабактуу өсүмдүктөр. Ушуга байланыштуу Л. экиге бөлүнөт. Жармашып өсүүчүлөр – кулмак, жүзүм, буурчак жана башкау.с. Алар жакын турган нерселерге өздөрүнүн жакшы өнүккөн мурутчалары жана тикенекчелери менен жармашат. Оролуп өсүүчүлөргө кадимки чырмоок кирет. Л-дын сабактары ичке, жеңил, тез өскүч, ийилгич келет. Бул өзгөчөлүктөр эволюциялык өнүгүүдө пайда болуп, өсүмдүктөрдүн токой шарттарында көлөкөдө калбай, жарыкка умтулуп жашоо үчүн күрөшүүсүнөн келип чыккан. Жармашкыч өсүмдүктөрдүн пайдалуу же зыяндуулугу анын өскөн чөйрөсүнө байланыштуу. Нымдуу тропиктик токойлорунда 2 миңден ашык түрү өсөт. Сары чырмоок же кадимки чырмоок дан өсүмдүктөрүнө оролуп, алардын өсүшүн начарлатат. Л. жашылдандырууда кеңири өстүрүлөт. Айрыкча ысык жерлерде алардын мааниси чоң. К-нда жашылдандыруу үчүн жапайы жүзүм, коён томук жана башка өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]