Ливан фунту
| Ливан фунту (кырг.) | ||
|---|---|---|
|
Lebanese Pound (аңгл.) | ||
|
| ||
| Коддор жана белгилер | ||
| ISO 4217 коддору | LBP (422) | |
| Символдор | LL | |
| Аббревиатуралар | LBP | |
| Жүгүртүү чегарасы | ||
| Эмитент | ||
| Туунду жана параллелдүү бирдиктер | ||
| Бөлчөктүү | пиастр (1⁄100) | |
| Жүгүртүүдөгү банкноттор жана монеталар | ||
| Монеталар | 100, 250, 500 ливан фунту | |
| Банкноттор | 1000, 5000, 10 000, 20 000, 50 000, 100 000 ливан фунту | |
| Тарыхы | ||
| Киргизилди | 1924-жыл | |
| Мурда колдонулган валюта | Сирия фунту | |
| Банкноттор жана монеталар өңдүрүшү | ||
| Эмиссиялык борбор | Ливан банкы (Banque du Liban) | |
| www.bdl.gov.lb | ||
| Курстар -жылга көрсөтүлгөн | ||
| 1 KGS | = L£ | |
| 1 USD | = L£ | |
| 1 EUR | = L£ | |
| 1 GBP | = L£ | |
| 1 JPY | = L£ | |
| Курстар ЭВФ, ЕББ жана КРУБ маалыматтары боюнча автоматтык түрдө жаңыртылып турат. | ||
| 2023-жылдык инфляция | ||
| Инфляция | 221,3%[1] | |
Ливан фунту (ар. ليرة لبنانية) — Ливандын расмий акча бирдиги. ISO 4217 стандарты боюнча тамга коду — LBP, сандык коду — 422[2]. Расмий белгиси — LL же .ل.ل, эмитенти — Ливан банкы. Бир ливан фунту номиналдуу түрдө 100 пиастрдан турат.
2024-жылдын август айына карата алынган маалыматтарга ылайык ливан фунту дүйнөдөгү наркы эң төмөн валюта болуп саналат[3][4].
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Биринчи дүйнөлүк согушка чейин бул аймакта түрк фунту жүгүртүүдө болгон.
1918-жылы, Осмон империясы кулагандан кийин, мисир фунту жүгүртүүгө чыгарылган. Француздар Сирия менен Ливанды басып алгандан кийин, мисир фунтун Сирия жана Ливан үчүн чыгарылган сирия фунту деп аталган жаңы валютага алмаштырышкан. Жаңы чыгарылган сирия фунтунун курсу франктын курсуна байланган.
1939-жылы Ливан валютасы расмий түрдө Сирия валютасынан бөлүнгөн, бирок анын курсу француз франкына байланган бойдон калган жана сирия фунту менен бирге жүгүртүүдө болгон.
Ливандагы жарандык согуштун үчүнчү фазасына чейин 1 АКШ долларынын курсу төмөнкүдөй болгон:
- 3,07 фунт — 1965-жыл
- 3,26 фунт — 1970-жыл
- 2,25 фунт — 1975-жыл
- 4 фунт — 1981-жыл
1986-жылы фунттун долларга карата курсу ылдам төмөндөй баштаган. 13-июнда доллар 36,50 фунтка барабар болгон. Эки жумадан кийин курсу 47 фунтка барабар болгон.
- 1987-жыл — 500 фунт.
- 1989-жыл, декабрь — 900 фунт.
- 1992-жыл — 2500 фунт.
1997-жылдын декабрынан 2023-жылдын январына чейин акча алмаштыруу курсу бир АКШ долларына 1507,50 ливан фунту деп белгиленген[5]. Бирок, 2020-жылы Ливандагы экономикалык кризистен кийин, бул курс менен акча алмаштыруу жалпысынан мүмкүн болбой калган жана расмий эмес валюта рыногу мындан бир топ жогору алмаштыруу курстары менен иш алып барышкан[6]. 2023-жылдын 1-февралында Ливан банкы бул чекти бир АКШ долларына 15 000 ливан фунту деп кайра орноткон[7]. 2023-жылдын март айынын ортосунда "параллелдү рыноктогу" бир доллардын наркы 100 000 ливан фунтуна чейин жеткен[8].
2023-жылы эң жогорку номиналдагы банкнот 100 000 фунт (1,117 АКШ доллары) болгондуктан, 500 000 фунт жана 1 000 000 фунт номиналындагы банкнотторду чыгаруу маселеси боюнча сунуштар болгон[9]. Ливан фунту 100 пиастрга бөлүнөт, бирок алмашуу курсунун төмөндүгүнөн жана инфляциядан улам пиастрларды жүгүртүүдө кездештирүү мүмкүн эмес.
Монеталар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Монеталар | ||||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Аверс | Реверс | Номинал | Аверс | Реверс | Кыры | Металл | Параметрлери | Чыгарылган жылдары |
| 25 фунт | жылмакай | никелированная сталь | ø — 20,5 мм
m — 2,82 г |
2002 | ||||
| 50 фунт | ливан кедры, астында монетанын чыгарылган жылы; жогору жагында жарым тегерекче формасында араб тилиндеги жазуу | «50 LIVRES» номиналы, чыгарылган жылы, астыңкы бөлүгүндөгү жарым тегерекчеде «BANQUE DU LIBAN» жазуусу | никель | ø — 18,35 мм | 2006 | |||
| 100 фунт | ливан кедры, астында монетанын чыгарылган жылы; жогору жагында жарым тегерекче формасында араб тилиндеги жазуу | «100 LIVRES» номиналы, чыгарылган жылы, астыңкы бөлүгүндөгү жарым тегерекчеде «BANQUE DU LIBAN» жазуусу | латунь | 1995, 1996, 2000, 2006 | ||||
| 250 фунт | Ливан кедринин фонундагы «٢٥٠/ليرة» жазуусу, гербдин фрагменти; үстүндө жарым тегерек формадагы «مصرف لبنان» жазуусу; астында чыгарылган жылы | «250/ номиналы, «BANQUE DU LIBAN» жазуусу; үстүндө чыгарылган жылы; астында «BANQUE DU LIBAN» жазуусу; тегеректин айланасындагы геометриялык оймо-чийме | кесикче | Алюминий, коло | ø — 23,50 мм
т — 1,82 мм о — ↑↓ |
1995, 1996, 2000, 2003, 2006, 2009, 2012 | ||
| 500 фунт | Ливан кедринин фонундагы «٥٠٠/ليرة» жазуусу, гербдин фрагменти; үстүндө жарым тегерек формадагы «مصرف لبنان»; астында чыгарылган жылы | «500/LIVRES» номиналы, «BANQUE DU LIBAN» жазуусу; үстүндө чыгарылган жылы; астында «BANQUE DU LIBAN» жазуусу; тегеректин айланасындагы геометриялык оймо-чийме | кесикче | Никель менен капталган болот | ø — 23,50 мм
т — 1,82 мм о — ↑↓ |
1995, 1996, 2000, 2003, 2006, 2009, 2012 | ||
Банкноттор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сирия жана Ливан банкынын банкноттору
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ливан банкынын банкноттору
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жүгүртүүдөгү банкноттор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Central Administration of Statistics. Consumer Price Index - CPI
- ↑ Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети. Мамлекеттер аралык валюталар классификатору. (орусча)
- ↑ РБК. Какая валюта самая дешевая в мире и сколько она стоит
- ↑ VietnamFinance. Bản đồ tiền tệ: giá trị Việt Nam đồng thấp thứ 2 thế giới
- ↑ Banque du Liban. Economic & Financial Data
- ↑ Reuters. Lebanese banks raise USD withdrawal rate to 3,850 pounds/dollar
- ↑ Reuters. Lebanon devalues official exchange rate by 90%
- ↑ Al Jazeera. Lebanon's currency value plunges to 100,000 against US dollar
- ↑ mtv Lebanon. LBP 500,000 banknote to be printed soon
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
| ||||||||||||||||||||||||||