Лигатeра

Википедия дан

Лигатeра (лат. ligatura – байланыш) – 1) жазуу системаларында же фонетикалык транскрипцияларда эки графеманын же транскрипциялык белгилердин элементтеринин кошулушунан пайда болгон белги, мисалы, дан, исланд, норвег тилдеринде ǽ, немис тилинде – b. Лигатeра бат жазууда (стенограммада) жана тексттерди кооздоп, оймо-чиймелеп жазууда колдонулат; 2) полиграфияда – эки же андан көп тамгалардын бириктирилип жазылышы, мисалы, поляк тилинде, ѕz, сz, немис тилинде sсh жана башка. Мындай лигатeра бир гана тыбышты билдирет; 3) басмаканалык терүүдө – тамгалардын айкашын, муунду же сөздү туюндуруучу бир гана жазуу белгиси, мисалы, англисче & (and) «жана»; 4) металлургияда – металлга белгилүү бир касиетти берүү үчүн легирлөөчү элементтердин суюк металлга кошула турган жардамчы куймасы. Керектүү касиетке (мисалы, катуу) келтирүү үчүн асыл металлдарга кошула турган металл да лигатeра деп аталат. Лигатeра катары жез, сымап колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7