Ликвидация кендери

Википедия дан

Ликвидация кендериметаллдардын күкүрттүү бирпикмелери бар негиздүү магманын суушунан жанa кристаллданышышан пайда болгон кед катмарлары.

Сууп бара жаткан эритинди бири бирине аралашпаган эки суюктукка (силикаттык жанa сульфиддик) бөлүнөт. Силикат бөлүгү катканда габбро-перидотит составындагы магма тоо тектери, сульфиддик эринди кристаллданганда сульфид рудалары келип чыгат. Буга суль­фиддик жез-ниель Ликвидация кендери өтө мүнөздүү. Мьндай кендердин рудаларын негизинен пирротин, пентландит жана халькопирит, азыраак өлчөмдө магне­тит, кобальт минералдары жана платиноиддер түзөт. Сульфиддик жез-никель Ликвидация кендеринин өтө ирилери кездешет (СССР, Канада ж. б.). Алардан жез, никель, кобальт жана платиноиддер алынат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.