Лингвистикалык поэтика

Википедия дан

Лингвистикалык поэтика (лингвопоэтика) – адабият таануу менен лингвистиканын чегинде турган филологиялык тармак.

Көркөм чыгарманын тилин, тилдик бирдиктердин көркөм чыгармада колдонулуш өзгөчөлүктөрүн, алардын эмоционалдык-экспрессивдик, эстетикалык функциясын изилдеп, көркөм чыгарманын жанa жалпы эле адабий системанын структурасындагы негизги компоненттерди бөлүп көрсөтүү менен, алардын формалдык структуралар менен болгон байланышын ачып берет. Лингвистикалык поэтика вербалдык белгилердин, формалдык структуралардын поэтикалык функциясын жанa мүмкүн болгон комбинацияларын адабий системанын мазмундук структурасынын элементтери менен биримдикте изилдөөгө алат. Негизги объектиси болуп поэтикалык тил жана көркөм адабияттын тили түшүнүктөрү эсептелет. Лингвистикалык поэтиканын системалык түзүлүшүнүн негизин көркөм чыгармада колдонулган тилдик фактылардын классификациясы түзөт да, поэтикалык фонетика (эвфония), поэтикалык морфология, поэтикалык синтаксис, поэтикалык семантика, поэтикалык лексикологияга ажырайт.

Лингвистикалык поэтика стилистика, лингвостилистика, кеп маданияты, риторика, эстетика менен тыгыз карым-катышта өнүгөт. Лингвистикалык поэтика нын негизги принциптери 20-к. 3-жж. ОПОЯЗдын, Прага лингвистикалык тобунун концепцияларында, В.В.Виноградов, В.М.Жирмунскийдин эмгектеринде калыптанып, Б.В.Томашевский, Р.Якобсон, М.М.Бахтин ж.б. тарабынан өнүктүрүлгөн. Кыргыз фило- логиясында орус филологиясынын салттарына таянуу менен жаныдан калыптанып, өнүгүп келе жаткан тармак болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4