Мазмунга өтүү

Липенка

Википедия — ачык энциклопедия
("Липенка, Жети-Өгүз району‎"‎ барагынан багытталды)
Отурукташкан жай
Липенка
ӨлкөКыргызстан
ОблусЫсык-Көл облусу
РайонЖети-Өгүз району
Координаттар42°31′20″ с. ш. 78°12′09″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгыUTC+6
Калкы
Калкы1 594 [1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Липенка (Кыргызстан)

ЛипенкаЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы кыштак. Липенка айыл аймагына караштуу. Ысык-Көл өрөөнүнүн түштүк-чыгышында, Жыргалаң булуңунун түштүк тарабындагы түздүктө, деңиз деңгээлинен 1658 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Суу кыштагынан 21 км түндүк-чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 214 км. Кыштак 1911-ж. негизделген. Калкы 1594 (2009); негизинен мал багат. Орто мектеп, китепкана, амбулатория, клуб бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Советтик Союздун Баатыры Е. Б. Пасько туулган.

Калкы - 1 594 киши.[1]

  1. 1 2 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.