Липице салгылашы

Википедия дан

Липице салгылашы 1216-ж. 21— 22-апрелде Липице дарыясында (Юрьев- Польский району) князь Мстислав Уда­лой жетекчилик кылган Новгород аскери менен Владимир-Суздаль княздарынын аскерлери ортосунда болгон.

Новгород князы Ярослав Всеволодо- вичтин новгороддуктар менен чатагынан кийин шаарга азык-түлүк жеткирилүүчү жол бөгөлүп, анда ачарчылык башталган. Новгороддуктарга Мстислав Удалой жардам кылган. Ярослав Всеволодович новгороддуктардын элчиликке келүү жөнүндө сунушун четке каккан, ошондон кийин согуш башталган. Новгороддуктар менен Псков, Смоленск княздары жана Ростов князы Константин Всеволодо­вич союздаш болгон. Сан жагынан артыкчылыгына карабастан Ярослав Всеволодович менен анын союздашы Владимир князы Юрий Всеволодович катуу талкаланган. Жеңиш Новгороддун кадыр-баркын күчөткөн. Переяславлга жашынган Ярослав новгород­дуктар жанa Владимир княздыгын ээлеген Константин менен элдешүүгө аргасыз болгон.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.