Липкин Семён Израилевич

Википедия дан

Липкин Семён Израилевич [6(19). 9. 1911, Одесса – 31. 3. 2003, Москва облусу, Переделкино] – орус акыны, котормочу. Калмак АССР эл акыны (1968), Кыргыз ССРинин маданиятка эмгек сиңирген кызматкери (1975). Москва инженер-экономикалык институтун бүтүргөн (1937). Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Калмактын «Жангар» (1940), кыргыздын «Манас» (1941), кабарданын «Нарттар» (1951), буряттын «Гэсэр» (1968), инди элинин «Махабхарата» (1969) эпосторун, тажик, өзбек, кыргыз, балкар, калмак классиктеринин жана замандаш акындарынын чыгармаларын орусчага которгон «Манас» эпосунун С. Орозбаковдун вариантындагы Липкин орус тилине которгон «Чалгынга даярдануу», «Чалгын», «Жылкы тийүү», «Баатырлардын согушу», «Соңку казат» бөлүмдөрү 1946-ж. Москвадан чыккан «Великий поход» китебине кирген. Липкиндин котормосу менен «Кабарда эпикалык поэзиясы» (1956), «Алты кылымдын үнү» (1960), «Алтын чынжыр», «Чыгыш поэмалары» (1970) жана башка китептер чыккан. «Дидаарлашкан адам» (1967) ыр китебинин, «Манастын» сюжетине жазылган «Айкөл Манас» повестинин автору. Тажик ССРинин Рудаки атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1967). III даражадагы Манас жана башка ордендер менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4