Лирикалык-эпикалык жанр
Лирикалык-эпикалык жанр – көркөм чыгарманын эпикалык жана лирикалык сүрөттөөнү жуурулуштуруу аркылуу коомдук турмушту чагылдырган түрү. Ыр түрүндө болот.
Анын жанрдык негизги өзгөчөлүгү турмуш көрүнүштөрү эпикалык мүнөздө баяндалуу менен каармандардын ички сезимдери, санаркоолору лирикалык сүрөттөөлөргө тыгыз айкалышта келгендигинде. Адатта мындай чыгармаларга поэмалар, ыр менен жазылган романдар киргизилет. Мис., А. Токомбаевдин “Таң алдында”, “Өз көзүм менен”, “Комуз күүсү”, Т. Үмөталиевдин “Кубат”, “Ак алтын жөнүндө ыр”, С. Эралиевдин “Ак Мөөр”, К. Маликовдун “Көл жээгинде кездешүү”, А. Токтомушевдин “Сүйүү жана коркунуч”, “Алтын тоо” деген чыгармаларын атоого болот. “Олжобай менен Кишимжан”, “Жаңыл Мырза”, “Ак Мактым” эпосторун да Л.-э. ж-га киргизүүгө мүмкүн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шериев Ж.. Муратов А. Адабият .Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү. Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек, 1994 - ISBN 5-89750-084-3