Мазмунга өтүү

Лиссабон

Википедия — ачык энциклопедия
Отурукташкан жай
Лиссабон
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө[[ Португалия]]
Координаттар38°43′ с. ш. 9°10′ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшү53 аймакка (freguesias) бөлүнөт
МэрАнтониу Кошта
Тарыхы жана Географиясы
Мурунку аталышылат. Olissipo, ар. al-Lixbûnâ
Аянты83,84 км²
Убакыт аралыгыUTC+0, жайында UTC+1
Калкы
Калкы545 245 адам (2010)
Жыштыгы6503,41 адам/км²
АгломерацияЧоң Лиссабон
ЭтнохоронимLisboeta, Lisbonense,
Olisiponense (айтыл.), Alfacinha (сүйл.)
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+351 21
Почта индекси1000-1900
Сайтыhttp://www.cm-lisboa.pt/
 (порт.)  (англ.)

Лиссабон, Лисабон (порт. Lisboa, /liʒ'boɐ/, лат. OlisipoПортугалиянын борбору жана башкы шаары. Пиреней жарым аралынын түштүк-батыш жээгинде Тежу дарыясынын чатында, Атлантика океанынан 15 км аралыкта жайгашкан. Лиссабон округунун административдик борбору.

Калкы 473,6 миң (2010; Чоң Лиссабон агломерациясында 2,6 млн). Эл аралык аэропорту, метрополитен бар. Өлкөдөгү ири порт (жылына 15 млн т. жүк ташылат). Финикиялыктар тарабынан болжол менен биздин заманга чейин 2-кылымда негизделген. 1147-ж. арабдардан португалиялыктар тартып алып, Португалия королдугунун курамына кирген. 1255- жылдан Португалиянын борбору. Кеме куруу, электр-техникалык, химия, нефть ажыратуу, металлургия, текстиль, тамак-аш (анын ичинде зайтун майы, балык консервалары) жана башка өнөр жай ишканалары иштейт. Роман стилиндеги собор (12-к., 18-кылымда кайрадан курулган), готика стилиндеги кармелиттердин монастыры (14–15-к.), 17–18-кылымдын ак сарайлары, Ла Эштрела базиликасы сакталган. ИА, университеттер, музейлер (анын ичинде археологиялык, этнографиялык, диний, көөнө жана заманбап искусство), театр, планетарий бар. Ботаникалык бак, зоопарк уюштурулган. Эл аралык туризмдин ири борбору. Жыл сайын заманбап (1977) жана көөнө (1980) музыка фестивалдары өткөрүлүп турат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7