Литва

Wikipedia дан

Литва, Литва Республикасы – Чыгыш Европадагы мамлекет. Түндүгүнөн Латвия, чыгышынан жана түштүгүнөн Беларуссия, түштүк-батышынан Польша жана Россия (Калининград облусу) менен чектешет. Батышынан Балтика деңизи жана анын Курши булуңу менен чулганат. Аянты 65,3 миң км2. Калкы 3,3 млн (2010). Борбору – Вильнюс. Расмий тили – литва тили. Акча бирдиги – лит. Административдик-аймагы жактан 10 уездге бөлүнөт (к. таблицаны). БУУнун (1991), Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмунун (1991), ЭВФтин (1992), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1992), Балтика деңизи өлкөлөрү кеңешинин (1992), Европа советинин (1993), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (2003), Европа союзунун (2004), НАТОнун (2004) мүчөсү. Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2010):

Уезддери Аянты, миң км2 Калкы, миң Адм. борборлору
Алитус 5,4 173,4 Алитус
Вильнюс 9,7 850,3 Вильнюс
Каунас 8,1 666,3 Каунас
Клайпеда 5,2 376,5 Клайпеда
Мариямполе 4,5 178,4 Мариямполе
Паневежис 7,9 278,4 Паневежис
Таураге 4,4 124,8 Таураге
Тельшяй 4,4 171,1 Тельшяй
Утена 7,2 168,1 Утена
Шяуляй 8,5 341,7 Шяуляй

Мамлекеттик түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Литва – унитардык мамлекет. 1992-ж. 25-октябрда Конституциясы кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Мамлекет башчысы – президент, 5 жылга шайланат. Литва парламенти – бир палаталуу Сейм. Аткаруу бийлигинин жогорку органы – өкмөт. Литвада көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги партиялары: Мекен союзу – Литва христиан демократтары, Литва социал-демократиялык партиясы, Литва либералдар кыймылы, Эмгек партиясы, Христиан партиясы, Литва дыйкан-народниктер уюму, «Жаңы союз», Литва орустарынын уюму, «Орус альянсы» жана башка.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Жээк сызыгынын узундугу 100 кмдей. Жээги негизинен жапыз, кумдуу пляждар, кум дөбөлөр мүнөздүү. Тайыз, өтө тузсузданган Курши булуңу деңизден Курши саяңы аркылуу бөлүнгөн. Литванын рельефине түздүктөрдүн дөбөдөңсөөлөр менен айкалышып жатышы мүнөздүү, бардык жеринде рельефтин мөңгүнүн аракетинен пайда болгон формалары кездешет. Батыштан чыгышты карай дөбөлүү дөңсөөлөр (Жямайта дөңсөөсү, Балтика жалдары, бийиктиги 292 мге чейин) созулуп жатат. Литванын аймагы байыркы Чыгыш Европа платформасынын Орус плитасынын чет жакасында жайгашкан. Нефть, чым көң, доломит, цементтик акиташ теги, чопо, кыш жана керамзит үчүн чопо, айнек жана курулуш куму, бор, гипс, ангидрит, акак (янтарь), жер алдындагы минералдуу суу кендери бар. Литва деңиздиктен континенттикке өтмө климаттуу аймакта жайгашкан. Январдын орточо температурасы батышында –3ᵒСтан, чыгышында –6ᵒСка чейин, июлдуку 17,2ᵒС. Жылдык жаан-чачыны 630 мм. Вегетация мезгилинин узактыгы 169– 202 күн. Дарыялары жыш (бардыгы 750 дарыя), Балтика деңизинин алабына кирет. Эң ири дарыялары: Нямунас (Неман) жана анын куймалары – Мяркис (Меркис), Нярис (Вилия), Нявежис (Невежис), Дубиса, Миния, Шяшупе. Немандын куймаларынан башка ири дарыялары: Вянта (Вента; Балтиканын алабы), Муша (Лиелупенин алабы). Дарыялары кар, жамгыр жана жер астындагы суулардан куралат; кышында орто эсеп менен 3 ай тоңот. Неман дарыясында Каунас суу сактагычы курулган. Литвада 3 миңге жакын көл бар, алар негизинен муздуктун аракетинен пайда болгон. Эң ири көлү – Дрисвяты (Друкшяй), аянты 44,5 км2, эң терең көлү – Таурагиас (тереңдиги 60,5 мге чейин). Ар бир адамдын суу менен жылдык камсыз болуусу 6724 м3. Чым көңдүү күл топурагы басымдуу, ошондой эле чым көңдүү глей, күл-саз топурактары да өөрчүгөн. Эң күрдүү чым көң карбонаттуу топурак өлкөнүн түндүк жана борбордук бөлүктөрүндө, Шяшупе дарыясынын алабында таралган. Ири дарыяларынын (Нямунас жана башка) өрөөндөрүнө аллювий топурактары мүнөздүү. Литванын аймагы ийне-жазы жалбырактуу токой зонасында жайгашкан. Токой каптоосу 33,5%. Токоюнун 50%тен ашыгы өлкөнүн түштүк-чыгыш тарабында. Жазы жалбырактуу токой негизинен өлкөнүн ортонку бөлүгүндө. Литванын аймагынын 17%ке жакынын шалбаа жана жайыт, 7%ин саз ээлейт. Өлкөнүн экологиялык абалы жалпысынан канааттандырарлык. Европанын геохимиялык атласынын маалыматы боюнча Литвада эң таза топурак кыртышы таралган. Табиятты булгоочу негизги булактары – Электренай шаарындагы Литва мамлекеттик райондук электр станциясы, Мяжейкяй шаарындагы нефть ажыратуучу завод, башка шаарлардагы жер семирткич чыгаруучу ишканалар, Балтика деңизинин жээгиндеги нефть терминалы жана башкалар. Өзгөчө коргоого алынган табигый аймак Литванын аянтынын 11,5%ин ээлеп, 6 улуттук парк, 3 корук, 30 региондук парктан турат. Курши саяңы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. 386 табият объектиси (булактар, рельефтин уникалдуу формалары жана башка) коргоого алынган.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Литванын калкынын басымдуу бөлүгү (83,4%и) – литвалыктар. Ошондой эле поляк (6,7%), орус (6,3%; 2001-ж. 9,4% болгон), беларусь (1,2%), украин, латыш, немис, еврей, татар жана башка улут өкүлдөрү жашайт. Калкынын 79%и католиктер, 4,8%и православныйлар. Төрөлүү 1000 адамга 10,5 бала, өлүм-житим 1000 тургунга 13,1 адам (2008). Адам өмүрүнүн күтүлгөн орточо узактыгы 71,9 жаш (эркектердики 66,3, аялдардыкы 77,6 жаш). Калктын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 51,3 адам туура келет. Вильнюс шаарында жана анын тегерегинде, ошондой эле Каунас, Клайпеда уезддеринде калк жыш отурукташкан. Шаар калкы 66,9% (2009). Ири шаарлары: Вильнюс, Каунас, Клайпеда, Шяуляй, Паневежис, Алитус.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Литва аймагындагы археологиялык эстеликтер таш дооруна таандык (биздин заманга чейин 11–10-миң жылдык). Калк уруулук түзүлүштө жашап, аңчылык, балыкчылык менен оокат кылып, таш, сөөк куралдарды пайдаланышкан. Биздин заманга чейин 2-миң жылдыкта мал чарба, дыйканчылык менен кесиптенген балтика урууларынын ата-бабалары Литва аймагына отурукташкан. Биздин замандын башында уруу жамааты бузулуп, 5–6-кылымда уруулук байланыш аймактык байланыш менен алмашылган, мүлк теңсиздиги жана жеке менчик пайда болгон. 12- кылымдын аягында Литвада алгачкы княздыктар (Лиетува, Делтува, Дайнава, Судува, Скалва, Нальшя, Каршува, Упите жана башка) пайда болуп, кошуна аймактарга кол салып турушкан. 13-кылымдын башында Лиетува, Нальшя, Дельтува, Нярис, Жемайтия жана башка аймактар камтылган жалпы литвалык конфедерациянын түзүлүшү бирдиктүү мамлекеттик бийликтин калыптанышына түрткү болгон. 13-кылымдын аягынан 14-кылымдын аягына чейинки мезгилде Литва мамлекети орус жерлерин каратып, өз аймактарын кеңейтүү менен Литва улуу княздыгы (ЛУК) орногон. Ушул учурда немис рыцарларынын Литва жерин басып алуу жортуулу башталып, алар менен күрөш 200 жылдан ашык убакытка созулган. 1387-ж. Литва католик динин кабыл алган. 1410-ж. 15-июлда Грюнвальд салгылашында (1410) Л. менен Польшанын бириккен күчү Тевтон орденин талкалаган. 1569-ж. Люблин униясы түзүлүп, натыйжада Литва менен Польшанын бирдиктүү мамлекети – Речь Посполита пайда болгон. 15-кылымдын ортосунда Улуу князь совети Пандар радасына айланган. 16-кылымдын башында Пандар радасы менен Сейм мамлекеттин башкы органы болгон. 17-кылымда Литва Польша-Швеция согушуна жана Россияга каршы поляк интервенциясына катышкан. 1795-ж. Речь Посполита үчүнчү жолу (буга чейин 1772-, 1793-ж. Россия, Пруссия, Австрия тарабынан бөлүнгөн) бөлүнүп, мамлекет катары жашоосун токтотушуна байланыштуу Литва Россияга кошулуп, алгач Виленск, кийин Литва губерниясы (1796) түзүлгөн. 1801-ж. император Александр Iнин указы менен Литва губерниясы Литва-Виленск (1840-жылдан Виленск) жана Гродненск губернияларына бөлүнгөн. 1812-ж. июнда Наполеон I Литва губернияларын басып алып, Литва княздыгын (курамына Виленск, Гродненск, Минск губерниялары жана Белосток облусу кирген) түзгөн. 1812-ж. декабрда Литва княздыгын орус аскерлери басып алган. 1831-ж. мартта Литвада орус бийлигине каршы көтөрүлүш башталып, бирок ийгиликсиз аяктаган. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында Литванын коомдук-саясий абалы өзгөрүлө баштаган. 1887-ж. Литвада алгачкы социал-демократиялык кружок, 1896-ж. Литва жумушчулар союзу жана Литва социал-демократиялык партиясы (ЛСДП), 1905-ж. Литва дыйкандар союзу жана башкалар түзүлгөн. Биринчи дүйнөлүк согуш (1914–18) мезгилинде Литва аймагы согуш майданына айланган. Германиялык армия азыркы Литва аймагын басып алып, Литва аскердик башкармалыгын түзүп, бардык бийликти колуна алган. Литвадан 300 миңге жакын адам Россиянын ички губернияларына, Украинага жана Беларуссияга качкан. Германиянын согушта жеңилиши Литванын революциялык күрөшүнүн жогорулашына өбөлгө болгон. 1918-ж. 8-декабрда В. Мицкявичюс-Капсукас жетектеген Убактылуу революциячыл жумушчу-дыйкан өкмөтү түзүлүп, 16-декабрда Литва Советтик Республикасы жарыяланган. 22-декабрда РСФСР өкмөтү Литванын көз карандысыздыгын тааныгандыгын билдирген. 1919-ж. январдын ортосунда Литва-Беларус ССРи (Литбел) түзүлүп, Минск менен Беларуссиянын батыш бөлүгүн Кызыл Армия көзөмөлдөгөн. Бул жаңы түзүлүш Россия менен Польшанын ортосунда буфердик кызмат өтөгөн. 1919-ж. апрелде Советтик Литвага Германия менен Польша интервенция баштаган. Литва Кызыл Армиясынын баатырдык менен салгылашуусуна карабастан, 25-августта поляк жана немис аскерлери Л-нын бардык аймактарын ээлеп, өз бийликтерин орноткон. Версаль тынчтык келишиминде (1919) Литванын чек арасы белгиленбей, Литва үчүн Германия менен Польшанын ортосунда кагылышуулар улана берген. 11-сентябрда РСФСР өкмөтү Литвага тынчтык келишим түзүү жөнүндө сунуш кылган. Келишим (1920-ж. 12-июль) боюнча Советтик Россия Литванын көз каранды эместигин тааныган, бирок Кызыл Армия анын аймагын Польшага каршы жортуулдарды жасоого колдонгон. 1920-ж. апрелде Учредителдик сеймге шайлоолор жүрүп, христиан демократтардын оңчул центристтик блогу жана ляудининктердин солчул центристтик партиясы көпчүлүк добушка ээ болгон. 1920-ж. 15-майда Каунаста сейм өткөрүлүп, анын төрагалыгына А. Стульгинскис (1922-жылдан президент), өкмөт башчысына К. Гринюс дайындалган. 1922-ж. 1-августтагы кабыл алынган конституция Литваны парламенттик республика деп жарыялап, жер реформасы жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Улуттук валютасы – лит киргизилген. 1926-ж. 17-декабрда Литвада мамлекеттик төңкөрүш болуп, фашисттик диктатура орногон. А. Сметона президенттикке, А. Вольдемарас премьерминистрликке дайындалган. Аскердик абал жана цензура калыбына келтирилген. 1927-ж. сейм таркатылып (1936-жылга чейин чакырылган эмес), бардык саясий партияларга тыюу салынган. 1936-ж. бир партиялуу сейм түзүлгөн. 1938-ж. кабыл алынган жаңы конституцияда президенттин бийлиги кеңейип, авторитардык бийлик орногон. Литвага фашисттик Германиянын протекторатына айлануу коркунучу туулган. Эл нааразылыгынын күчөшү президент А. Сметонаны Германияга качууга аргасыз кылган. 1940-ж. 16-июнда Литванын элдик өкмөтү түзүлүп, Ю. Палецкис президенттикке, В. Креве премьерминистрликке дайындалган. Литвада бир нече радикалдуу саясий жана социалдык реформалар жүргүзүлүп, оппозициянын өкүлдөрү камакка алынган. Элдик сеймге шайлоолор уюшулган. 1940-ж. 21–23-июлда Л. ССРи жарыяланып, 1940-ж. 3-августта СССРдин курамына өткөн. Улуу Ата Мекендик согуштун (1941–45) башында эле Литванын аймагы душман колунда калып, Отсланд (Чыгыш өлкөлөр) рейхскомиссариатынын курамына кирген. Литваны германдаштыруу саясаты жүргүзүлүп, 16,3 миң немис колониячылары келген. Фашист-немис баскынчыларына каршы партизандык кыймыл башталган. 1942-ж. Советтик Армиянын курамында 16-литва аткычтар дивизиясы түзүлүп, ал Орёл облнан Балтика боюна чейинки салгылаштарга катышкан. 1945-ж. 28-январда Литва аймагы фашисттик баскынчылардан бошотулган. Согуштан кийин айыл чарбанын коллективдештирүү жана индустриялаштыруу башталып, административдик-аймактык реформалар жүргүзүлгөн. 1970–80-жылдары Литва индустриялык-агрардык өлкөгө айланган. СССРде М. С. Горбачёв баштаган кайра куруу саясаты Литвага өзгөрүүлөрдү алып келди. КПССтин Литвага жүргүзгөн саясатына нааразычылыктар пайда болуп, оппозициялык партиялар жана уюмдар («Саюдис») уюшулган. 1988-ж. ноябрда Литва ССРинин Жогорку Совети советтик доорго чейинки мезгилдеги желек менен гимнди калыбына келтирген. 1990-ж. 11-мартта өлкө көз каранды эместикке ээ болуп, Литва Республикасы деп аталган жана СССРдин курамынан чыккан. Литвада мамлекеттик менчик улутташтырылып, жаңы банк системасы пайда болгон. Литва НАТО жана ЕС мамлекеттери менен достук мамилелерди түзгөн.

Чарбасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Литва – экономикасы өтмө типтеги өлкөлөрдүн катарына кирет; чарбасы рыноктук жол менен өнүгүүдө. ИДПнин көлөмү 52,1 млрд евро (2009); аны киши башына бөлүштүргөндө 15,6 миң евродон туура келет. Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,870 (2007; дүйнөдөгү 182 өлкөнүн ичинен 46-орунду ээлейт). СССР урагандан кийин экономикалык байланыштар үзүлүп, өнөр жай өндүрүшү төмөндөп кеткен. 2000–07-жылдарда экономикасынын туруктуу өнүгүүсүнө Литванын Батыш Европа өлкөлөрү менен кызматташтыгы жана анын Европа союзуна кириши зор өбөлгө болгон (ИДПнин жылдык өсүүсү 6–8%ти түзгөн). Мамлекеттик саясат чет өлкөлүк инвестиция тартууга жана ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган. Чет өлкөлүк инвестиция (2009-ж. анын жалпы көлөмү 9,1 млрд евро болгон) негизинен иштеп чыгуу өнөр жайына, дүң жана чекене соодага, телекоммуникация жана финансы секторуна, транспорттук тейлөөгө жумшалган. Эки Эл аралык экономикалык зона (Каунаста жана Клайпедада) жана 6 илимий-техникалык парк иштейт. ИДПде тейлөө чөйрөсүнө 63,3%, өнөр жайына 22,2%, курулушка 10,0%, айыл, токой жана балык чарбаларына 4,5% туура келет. ИДПнин 20%ке жакыны мамлекеттик сектордо өндүрүлөт. Өнөр жайынын башкы тармактары – нефтини кайра иштетүү, машина куруу, химия, жыгач иштетүү, жеңил жана тамак-аш өнөр жай ишканалары. Литванын отун ресурстары дээрлик жок (бир аз гана чым-көң өндүрөт); табигый газды жана нефтини Россиядан алат. Мажейкяй шаарындагы нефть ажыратуу заводу – Балтика бою өлкөлөрүндөгү жалгыз ишкана. 2008-ж. 13,9 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн (ички муктаждыкты толук камсыз кылат). Нямунас дарыясында Каунас ГЭСи, Круонис гидроаккумуляция станциясы курулган. Машина куруу өнөр жайынын негизги тармактары – станок куруу, өнөр жай жабдуулары жана приборлор, электр-техникалык жана электроника өнөр жай ишканалары. Станок куруу өнөр жай жыгач иштетүүчү станокторду жана жабдууларды, фрезалык жана сайкалдоочу станокторду чыгарат. Тамак-аш өнөр жай үчүн жабдууларды (анын ичинде товар таңгактоочу, суюк тамак-аш продуктуларын кайра иштеп чыгаруучу технологиялык жабдуулар), жылыткыч казан, вентиляция жабдууларын, өнөр жайлык электр жана газ мештерин, лазердик, медицина, ченегич жана оптикалык приборлорду, муздаткыч, телевизор, компьютер жана аларга тетиктерди даярдоочу ишканалары бар. Машина куруу заводунун базасында Россиянын микроавтобустарын жана жүк ташуучу ГАЗ жеңил автомобилдерин кураштыруу ишканасы иштейт. Литва-Беларуссия биргелешкен «МАЗ-Балтия» ишканасы оор жүк ташуучу автомобилдерди кураштырат. Клайпеда – кеме куруу жана ремонттоо борбору. Металл иштетүү өнөр жай өнүккөн. Химия өнөр жай азот-фосфат жер семирткичтерин, желим, сыр, өнөр жай газын, пластмасса, жасалма була, косметика продукцияларын жана башка, жыгач иштетүү өнөр жай жыгач материалдарын, эмерек, кагаз, картон чыгарат. Цемент, бетон жана темир-бетон, кыш, карапа такта жана башкаларды даярдайт. Жеңил өнөр жайынан кебез-кездеме, жүн, кендир, тор кездемелерди чыгаруучу ишканалары иштейт. Көркөм промысели (янтардан, карападан буюм жасоо, жыгач оймо-чиймелеп кооздоо, булгаарыга наар салуу жана башка) өнүккөн. Тамак-аш өнөр жай эт жана сүт продуктуларын өндүрүүгө адистешкен; ошондой эле кант, кондитер фабрикалары, пиво, алкоголь продукцияларын (арак, бренди, ликёр, настойка) чыгаруучу заводдору бар. Өлкө айыл чарба продуктулары менен өзүн толук камсыз кылат. Чарбаларынын жалпы саны 230 миңден ашык, анын 60%тен ашыгы – чакан (5 гага чейинкилер) үй-бүлөлүк фермалар. Айыл чарбага жарактуу жеринин аянты 3,5 млн га (өлкөнүн аянтынын 1/ и), анын 84%и айдоо жер, 14%тен ашыгы шалбаа жана жайыт, 2%тейи көп жылдык өсүмдүктөр. Өсүмдүк өстүрүүчүлүк агр. продукция наркынын 57,6%ин түзөт (2008). Мал чарбасы үчүн тоют өндүрүүнүн мааниси зор. Дан эгиндерин (негизинен күздүк буудай, арпа), картөшкө, жашылча, кант кызылча, мөмө-жемиш, чанактуулар, зыгыр жана башкалар өстүрүлөт. Мал чарбасы сүт-эт багытындагы уй, бекондук чочко, үй канаттууларын асыроого адистешкен. Токой чарбасы өнүгүүдө.

Транспорттук тейлөө[оңдоо | булагын оңдоо]

Транспорттук тейлөө, ошондой эле соода, банк-кредиттик сектор, байланыш жана телекоммуникация, туристтик бизнес жолго коюлган. Вильнюс фонд биржасы иштейт. Туризм, анын ичинде маданий-таанып билүү (борборлору – Вильнюс, Каунас), курорттук-ден соолукту чыңдоо (Паланга, Друскининкай жана башка) өнүккөн. 2008-ж. Литвага 4,5 млн турист келген. Мейманкана чарбасы, ресторан бизнеси жана аларга байланыштуу тейлөөлөр өнүккөн. Литванын транспорттук тармагы Чыгыш – Батыш (анын ичинде Россиянын Калининград облусу менен) жана Түштүк – Түндүк (Борбордук Европаны Балтия, Скандинавия өлкөлөрү менен байланыштырат) багыттарында транзиттик жүк жана жүргүнчү ташыйт. Жүктүн 50%ке жакыны автомобиль, 45%тен ашыгы темир жол, 5%тен ашыгы суу жолдору менен ташылат. Жүргүнчү ташуунун 98%и автомобиль транспортуна туура келет. Автомобиль жолунун узундугу 81 миң км. Литва аркылуу эл аралык маанидеги – Варшава (Польша) – Каунас – Рига (Латвия) – Таллин (Эстония), Минск (Беларуссия) – Вильнюс – Мариямполе – Калининград (Россия), Псков (Россия) – Рига – Калининград – Варшава жана башка автомагистралдары өтөт. Темир жолунун узундугу 1746 км, анын 122 кми электрлештирилген (2009). Негизги темир жолдору: Санкт-Петербург (Россия) – Даугавпилс (Латвия) – Вильнюс – Варшава (Польша), Минск – Вильнюс – Каунас – Калининград, Рига – Шяуляй – Вильнюс – Барановичи (Беларуссия). Деңиз соода флоту 45 кемени камтыйт, анын 6сы чет өлкөлүк кеме ээлерине таандык; 28 кеме башка өлкөлөрдүн желеги менен жүрөт. Жалгыз деңиз порту – Клайпеда. Ички суу жолунун узундугу 441 км; кеме Нямунас дарыясы жана анын куймасы – Нярис дарыясында, ошондой эле Тракайс көлүндө жүрөт. Нефть куурларынын узундугу 500 км. Вильнюс, Каунас, Паланга шаарында эл аралык аэропорттору бар. Экспорттун 1/ ин нефть продуктулары түзөт; ошондой эле сыртка машина жана жабдуулар, тамакаш, химия, жеңил өнөр жай продукциялары, жыгач жана андан жасалган буюмдар чыгарылат. Сырттан нефть жана нефть продуктулары, минералдык сырьё, машина куруу, химия жана жеңил өнөр жай продукцияларын сатып алат. Ири соода шериктери: Россия, Латвия, Германия, Польша, Эстония, Улуу Британия, Нидерланд. Билим берүү. Билим берүү системасы мектепке чейинки тарбиялоону, 4 жылдык башталгыч, 6 жылдык базалык (толук эмес орто мектеп), 2 жылдык толук, орто, кесиптик орто (3 жылдык – кесип алуу үчүн, 4 жылдык толук орто билим жана квалификация алуу үчүн) жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Окутуу мамлекеттик мекемелерде акысыз. Калктын сабаттуулугу 99,7%ти (15 жаштан жогору) түзөт. 48 ЖОЖ (анын ичинде 31 мамлекет, 17 менчик) жана илимий мекемелери, Л. ИА, ири музейлери (улуттук, янтарь жана башка) китепканалары бар.

Массалык-маалымат каражаттары[оңдоо | булагын оңдоо]

Жалпы элдик ири гезиттери: «Lietuvos rytas», «Respub- lika», «Kauno diena» жана орус тилинде: «Экспресс-неделя», «Обзор», «Литовский курьер» жана башкалар; «Veidas», «Cyvenimo budas», «TV antena» жана башка ушундай сыяктуу журналдары бар. Радиоуктуруусу 1926-жылдан, телекөрсөтүү 1957-жылдан иштейт. 48 радиостанция жана «LTV», «LTV-2» мамлекеттик телеканалдары, «М 1», «М 1+» жана башка менчик радиостанциялары, «ТV 3», «BTV», «LNK» жана башка менчик телеканалдары бар. Улуттук маалымат агенттиги (1920-жылдан) жана башка агенттиктер иштейт.

Адабияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Литванын алгачкы жазма эстеликтери 14–17-кылымда орус (белорус), латын жана поляк тилдеринде жаралган. 17–18-кылымда латын жана поляк тилиндеги адабият менен катар – Литва тилиндеги чыгармалар жаралган, алардын эң маанилүүсү К. Донелайтистин «Жыл мезгилдери» (1760– 75-ж. чен, 1818-ж. жарыкка чыккан). 19-кылымдын 1-жарымында С. Валюнас, А. Клемантис, Д. Пошка, С. Станявичюс, С. Даукантас жана башка акындар Литва адабияттын өнүктүргөн. Литва лирикасынын баштоочусу катары А. Страздас («Жарандык жана диний» ырлар жыйнагы, 1814), Л. көркөм прозасынын негиздөөчүсү деп М. Валанчюс («Балдар үчүн китеп», «Чоңдор үчүн китеп», экөө тең 1860, «Палангалык Юзе», 1869) эсептелет, А. Баранаускастын «Аникщяй токою» лирикалык поэмасы (1860–61) – Литва романтикалык поэзиясынын төл башы. 19–20-кылымдын биринчи Литва романы В. Петаристин «Альгимантас» романы жарыкка чыккан (1904), драматургия пайда болгон (Кетуракис, «Америка мончодо» комедиясы, 1895). Биринчи Литва Республикасынын мезгилинде (1918–40) адабиятка авангардизм идеялары кирет, бирок элдик ыр салттары менен терең байланышты сактап калган. Модернизм адабиятында неоромантизм өзгөчө таасирлүү болгон. 20-кылымдын 1-жарымындагы Литва адабияты ошондой эле символизм (Ю. Балтруштайтис, Ф. Кирши), футуризм (К. Банкикс, П. Тарулис), экспрессионизм (Г. Радускас, Ю. Савщикс) нугунда өнүккөн. Реалисттик багыт прозада өзгөчө өрүш алган (А. Венуалис, М. Пячкаускайте, П. П. Оринтайте). Советтик Литва адабиятында (1940–90) негизинен социалистик реализм үстөмдүк кылган: А. Гудайтис-Гузявичюс («Уста Иснотастын чындыгы», 1–2-бөлүк, 1948–49), Ю. Балтушис («Сатылган жылдар», 1–2-бөлүк, 1957–69), А. Беляускас жана башка жазуучулардын романдары. 1960–70-жылдары Литва адтына жазуучулардын лирикалык жана психологиялык салттарды уланткан жаңы муун келген: И. Мерастын «Тең чыгуу тез бүтөт» (1963) романы; Ю. Апутис, М. Слуцкис, С. Шадонис жана башкалардын новеллалары. Советтик мезгилдеги Литва поэзиясына идеологиялык багыттуулук жана пафос мүнөздүү (Э. Межелайтис, Т. Тильватис, А. Йиникас жана башка 1950- жылдардын ортосунан неоромантизм кайра жанданса (Ю. Марцинкявичюс, Я. Дягутит, А. Макдонис, Й. Стрелкунас), 1960–70-жылдарда модернисттик поэзия өрүш алган (Т. Венцлова, В. Миколайтис-Путинас, А. Венуолис жана башка). 20-кылымдын 2-жарымында драматургиянын ири өкүлү Ю. Грушас тарыхый драмаларды («Геркус Мантас», 1952; «Барбора Радвилайте», 1971; «Швитригайла», 1975) жараткан. Ошондой эле Ю. Глинкис («Грастын үйлөрү», 1970; «Тараза жылдыз», 1977), Г. Грауяскас, М. Ивашкявичюс, Г. Кунчюс, К. Остраускас, К. Сай жана башка драматургдардын чыгармачылыгы кеңири белгилүү болгон. 2-дүйнөлүк согуш учурунда жана согуштан кийин көп акын-жазуучулар Германияга, ал жактан Австралия, АКШ, Улуу Британияга эмиграцияга кетишкен. Улуу муундагы жазуучуларга (Й. Айстис, Б. Браздджёнис, А. Вайчюлайтис, Ф. Кирша, В. Креве, И. Шейнюс) өткөндү сагынуу, неоромантизм мүнөздүү болсо, орто муундагылар (К. Брадунас, М. Катилишкис, Ю. Кекштас, Г. Нагис, А. Ника-Нилилюнс, Б. Пукялявичют) экзистенциализм багытындагы философиялык прозаны улантышкан. Кичүү муундан А. Шкем, «Ак кепин» (1954) романын модернизм багытында жаратса, Люне Сутем, А. Мацкус, Ю. Мачюнас, Й. Мякас постмодернистик багытта ырларды жазышкан. Эмиграцияда төрөлгөн жазуучулар И. Мачюлите-Гуилфорд, А. Шилейк жана акын Р. Филип жана башка чыгармаларын англис тилинде жазышат. 1990-жылдардагы Литва прозасына фантасмагормониялуулук мүнөздүү (И. Скаблаускайте, Г. Береснявичюс, Д. Кайокас), советтик тоталитардык режимди постмодернизмге таандык ирония жана гротеск менен сүрөттөгөн романдар (Ю. Кунчинас, Р. Гавялис («Вильнюстук покер», 1989; «Жаш адамдын мемуары», 1991), Ю. Иванускайте («Мастан жана жамгыр», 1993), Ю. Эрлицкас («Китеп», 1996; «Литва тарыхы», 2000), ошондой эле М. Ивашкявичюс, С. Т. Кондротас, В. Юкнайтенин чыгармалары пайда болду. 20–21-кылымда документалдык стилдеги чыгармалар жаралган (Юкнайте, «Өзүңдү үнүңдөн таануу», 2002). З. Чяпайте, У. Барускайте, Д. Язукявичюте феминистик тематикага кайрылган. Заманбап прозада жан дүйнөнү ачып берген очерктик стилге умтулуу байкалууда; эссе жанры өрүш алууда. 20-кылымдын аягы – 21-кылымдын башында Литва адабияты адам менен жаратылыштын байланыш мотиви, ошондой эле неоромантизмдин салттарын сактаган постмодернизм багытына көңүл бурууда. Орус тилиндеги адабияты да өнүгүүдө.

Архитектура жана сүрөт искусствосу[оңдоо | булагын оңдоо]

Литва аймагындагы алгачкы искусство эстеликтери палеолиттин акыры, мезолит, айрыкча неолит (биздин заманга чейин 4-миң жылдыктын ортосу, 2-миң жылдык) дооруна таандык. 1-миң жылдыкта чыңдалган калктуу конуштар – пилякальнистер пайда болуп, көбү 9–12-кылымда феодалдардын жыгач сепилдерине айланган. 13–14-кылымда жыгач жана таш замоктор курулган. Литвада айрыкча 15-кылымда шаар куруу тез өнүгөт (мисалы, Каунастагы Перкуностун үйү, 15– 16-к.). 16-кылымда Литва искусствосу Кайра жаралуу доорунун көркөм маданиятына эриш-аркак өнүккөн. Анын үлгүсүндөгү турак үйлөр, чиркөөлөр, сепилдер коргонууга ыңгайланып салынган (мисалы, Шяуляйдагы Ыйык Пётр жана Павел чиркөөсү, 1595–1625). 17–18-кылымда барокко стилинде католик чиркөөлөрү, ак сарайлар курулган. 18-кылымдын акырынан классицизм принциптери тарай баштап (Каунастагы мунара, 1777–80 жана Ратуша, 1786–99). Шаар курулушу кеңири кулач жайып, орус адистери Вильнюс, Каунас, Шяуляй ш-н долбоорлоого жана курууга катышкан. 19- кылымдын 2-жарымы – 20-кылымдын башында Литва архитектурасында эклектизм (Бяздонистеги «Миндоза» вилласы, 20-кылымдын башы) басымдуулук кылган, ошондой эле неоренессанс (Таурагедеги замок, 1847– 64), неоготика (Рокишкистеги костёлдор, 1868– 83), соңку классицизм (Вильнюстагы филармониянын имараты, 1899–1902), необарокко (Каунастагы Музыкалык театрдын имараты, 1890–92) стилдери да өнүккөн. 1900–30-жылдарда модерн стили өрүш алган (Вильнюстагы Вилейшистер ак сарайы, 1904–06 ж. б.). 1945-жылдан кийин шаарлар калыбына келтирилип, жаңы посёл- калар курулган. 1950–60-жылдары сов. неоклассицизм стилинде курулган үйлөр пайда болгон (Окумуштуулар үйү, 1950; Улуттук китепкана, 1963, экөө тең – Вильнюста). 1959-жылдан ири панелдүү курулуш кеңири кулач жайган. 1960– 80-ж. Вильнюс, Каунас, Клайпеда жана башка шаарларда жаңы турак үйлөр тургузулган (архитекторлор Касперавичене, В. Чеканаускас, В. Бредикис жана башка). Литва архитекторлорунун долбоорлору боюнча СССРдин Ташкент, Минск, Ростов-на-Дону жана башка шаарларында курулуштар жүргүзүлгөн. 1990–2000-жылдарда Пакальняй кыштагы Ыйык Троица костёлу, Палангадагы Ивердик Кудай Эне иконасынын урматындагы чиркөө (2000–02), Клайпедада Покров-Николь чиркөөсү (2000–05), Каунастагы «1000» Ишкер борбору (2008) жана башка курулган. Литва архитектуралык Союзу 1945-ж. негизделген. Литва аймагынан адамдардын жана айбанаттардын неолит дооруна таандык тулкулары, жыгач скульптуралар жана карапа буюмдар табылган. Орто кылымда сүрөт искусствосунун Батыш жана Чыгыш Европанын искусствосу менен өз ара тыгыз байланышта өнүгүп, диний жана жарандык тематикадагы живопись таралган. 16-кылымдын 1-жарымынан китеп басып чыгаруунун башталышы менен ксилография пайда болгон. 20-кылымдын башындагы Литва искусствосунда М. К. Чюрлёниске өзгөчө орун таандык. Көп Литва сүрөтчүлөрү СанктПетербургдан, Москвадан таалим алган. Реалисттик искусствонун өнүгүшүнө Каунас көркөм сүрөт мектебинин (1922-ж. негизделген) окуучуларынын «Көз карандысыз сүрөтчүлөр коому», «Арс» жана башка бирикмелери (1930-жылдарда уюшулган) чоң роль ойногон. Согуштан кийинки жылдарда тарыхый жана жанрдык живопись (С. Вейверите, В. Дилка жана башка), пейзаж (В. Гячас, Й. Шважас жана башка), портрет (А. Гудайтис, П. Стаускас жана башка) искусствосу өнүккөн. 1960–70- жылдары сүрөтчүлөр В. Кисараускас, абстракционисттер В. Жилюс, К. Зимблите, Л. Катинас; скульпторлор Т. Валайтис, В. Вилжюнас; 1980-жылдары – скульпторлор Г. Каралюс, С. Кузма, П. Мазурас, М. Навакас, В. Урбанавичюс, К. Ярошевайте; живописчилер В. Жукас, Ш. Шаушка, Р. Шлицис; графикчи М. Вилутистер таанымал болушкан. Литва сүрөтчүлөр союзу 1951-ж. түзүлгөн.

Музыкасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Литва элинин музыкалык маданияты байыркы классикалык салт жана музыкалык фольклордун негизинде калыптанган. Эмоциялуу, токтоо элдик ырлар диатоникалык маанайда ырдалат. Көп үндүү музыка – сутартинес бөтөнчө кызык. Элдик аспаптары: үйлөмө – рагас (мүйүз), даудитес (узун түтүк), скудучяй (көп өзөктүү флейта), лумздялис (сыбызгы флейта), бирбине; канклес – чертме; скрабалай – урма жана башка. 14-кылымдан костёлдордо, соборлордо органдар орнотулуп, анда ойноого жана хорго зор көңүл бурулган. 1667-ж. Ж. Ляуксминастын «Музыкалык искво жана практика» деген туңгуч окуу китеби жарык көргөн. 17-кылымда князь сарайында италиялык опера жана балет труппасы, оркестр болгон. 18– 19-кылымда ак сарай театрларында опералар коюлган. Аспаптык музыка өнүккөн (М. Казимир Огиньский). 1840–58-ж. поляк композитору С. Монюшко Литвада иштеп, музыкалык маданиятка кыйла таасир тийгизген. Элдик хор кеңири кулач жайган (уюштуруучулар – С. Шимкус, А. Ясенаускас, Ю. Неймонтас, В. Видунас). 1906-ж. «Вильняус канклес» коомунун күчү менен туңгуч улуттук опера М. Петраускастын «Бируте» операсы коюлган. М. К. Чюрлёнис, Ю. Карнавичюс, Ю. Груодис, С. Шимкус жана башкалар сыяктуу классиктер менен бирдикте органчы жана педагог Ю. Науялис, хор дирижёру Ч. Саснаускас, М. Петраускастар Литва профессионал музыкасына негиз салган. 1919-ж. Вильнодо мамлекеттик симфониялык оркестр түзүлгөн. 1920-ж. Каунаста опера театры (1998-жылдан Литва опера жана балет театры) ачылып, 1948- жылдан Вильнюска которулган. 1956-ж. Каунаста карийон музыкасынын концерттери, М. К. Чюрлёнис атындагы Эл аралык пианисттер конкурсу (1965, Вильнюс) өтүп турат. 1968-ж. СССРде орган музыкасынын биринчи Эл аралык конкурсу (Вильнюс, Каунас) өткөн. «Клайпеда музыка жазы» (1976-жылдан), «Вильнюс фестивалы» (1977-жылдан), «Salve musica» рождестволук (2004-жылдан), «Музыкалык өзгөрүүлөр» заманбап музыка (2005-жылдан, экөө тең Клайпедада), И. С. Бах музыкасы (2007, Вильнюс) жана башка көптөгөн музыкалык фестивалдар өткөрүлөт. Литва композиторлор союзу 1948-ж. уюшулган.

Балети[оңдоо | булагын оңдоо]

Литвада профессионал балетинин өнүгүшү 17-кылымда башталган. 1785-ж. Вильнодо ачылган шаардык театрда туруктуу балет труппасы болгон эмес, бирок артисттердин күчү менен балет оюндары коюлуп келген («Ойцоведеги үйлөнүү тою», Я. Стефани, 1858). 19-кылымда Вильнодо гастролго келген чет өлкөлүк артисттер оюн көрсөтүшкөн. 20-кылымдагы балет искусствосунун өнүгүшү О. Дубенецкененин ишмердигине байланыштуу. Ал 1921-ж. Каунаста балет студиясын ачкан. 1924-ж. Каунаска чакырылган П. Н. Петров бир нече балет койгон (1925, Л. Делиба «Коппелия»; 1927, П. И. Чайковский «Ак куу көлү» жана башка) жана балет студиясын жетектеген. 1928–30-ж. Каунаста В. А. Караллинин студиясы иштеген. 1931-ж. Мамлекеттик театрдын труппасына орус балетинин чеберлери чакырылган. 1948-ж. театр Вильнюска которулуп, анда хореограф Ф. В. Лопухов, М. Л. Сатуновский иштеген. Заманбап темадагы биринчи литва балетин В. Гривицкас койгон. 20-кылымдын 30-жылдарынын акырында классикалык мектептин, улуттук салттардын жана заманбап бий техникасынын айкалышуусу хореографтар Э. Букайтистин («Эгле – жыландар ханышасы», Э. Бальсис, 1976), В. Браздилистин («Коппелия», Л. Делиба, 1983), Ю. Сморигинастын («Макбет», И. О. Балакаускас, 1989), Э. Домейкинин чыгармачылыгынан көрүнөт. 20–21-кылымдын чегинде Литва балетинин өнүгүшүнө В. Васильев, Б. Я. Эйфман, А. О. Ратманский, К. Симонов, А. Анастос салым кошту. Балет спектаклдери Каунас (1948-жылдан) жана Клайпеда (1989-жылдан) музыкалык театрларында жана Вильнюстагы менчик театрларда («Вильнюс балети», 1999; «Көркөм академиянын бий театры», 2000) коюлат. Балет искусствосуна Г. Сакалаускайте, Л. Ашкеловичюте, Р. Миндерис, В. Кужма, Й. Катакинас, П. Скирмантас, И. Валейкайте, И. Цибулските жана башкалар салым кошкон. Заманбап бий 1939-жылдан өнүгүүдө. 1969-ж. Каунаста «Соната» бий ансамбли, 1980-ж. «Аура» заманбап бий студиясы уюшулган. Ошондой эле бир нече бий коллективдери бар. Эл аралык «Жаңы балтика бийи» фестивалы өткөрүлүп турат.

Киносу[оңдоо | булагын оңдоо]

Вильнодо жана Ковнодо 1905-жылдан туруктуу кинотеатрлар иштей баштаган. Туңгуч документалдуу фильмди 1909-ж. оператор жана реж. В. А. Старевич тарткан («Немандын боюнда»). 1920-жылдары операторлор жана режиссёрлор (С. Уздонас, С. Вайналавичюс, А. Жибас жана башка) хроникалык фильмдерди жараткан. Литва киностудиясынын өз алдынча тарткан биринчи толук метраждуу фильми – В. Микалаускастын балдарга арналган «Көгүлтүр горизонт» киносу. Төрт новелладан турган «Тирүү баатырлар» (4 режиссёр койгон) фильми Литва киносун чет элге белгилүү кылды (Литва ССРинин мамлекеттик сыйлыгы, 1960; Карлова-Вары ЭКФтин сыйлыгы). 1960–70-жылдары Литва киносунун өрүш алган учуру болду. 1970–80-жылдардын чегинде муундардын алмашуусу менен жаш режиссёрлор активдүү түрдө улуттук адабиятка кайрыла башташты: Г. Лукшас – «Менин балалыгымдын күзү» (Ю. Апутистин «Теофиль» новелласы боюнча, 1978), «Жай күздө бүтөт» (Р. Гранаускас боюнча, 1982), А. Пуйпа – «Шайтан урук» (П. Цвиркинин новеллалары боюнча, 1980), «Аял жана анын төрт эркеги» (1984), «Түбөлүктүү жаркыроо» (Р. Шавялистин «Өчпөгөн жарык» повести боюнча, 1987) жана башка. 1980-жылдары Жалак Явичюстун – «Кечирип коюңузчу» (1983), «Тозоктогу жекшемби» (1988, Грикявичюс жана Квирикашвилинин катышуусу менен), Вабаластын «Атлантика океанынын үстүнөн учуп өтүү» (1983); Р. Банионистин «Менин кичинекей жубайым» (1985), «Сенин жүзүң жадымда жок» (1988); Р. Лилейкистин «Мен бармын» (1989) фильмдери олуттуу окуялардан болуп калды. 1990-жылдарда кинолордун чыгарылышы кыскартылып, көптөгөн жеке менчик студиялар пайда болду. Көркөм киносунда маанилүү орунду Г. Лукшастын «Жыландын карашы» (1990), «Жердин жолоочулары» (1991), «Айлуу Литва» (1997) жана башка тарыхый фильмдери ээледи. Режиссер А. Пуйпанын «Таж-Махалга чейинки билет» («Фабийонас» Шавялистин аңгемеси боюнча, 1990), «Карышкыр тишинен тизилген шуру» (Л. Гутаускастын романы боюнча, 1997) жана башка фильмдери улуттук адабиятка өзгөчө көз карашы менен кеңири белгилүү болгон. Ш. Бартастын адамдын өзү, жакындары жана жаратылыш менен татаал мамилелерин чагылдырган фильмдери («Үч күн», 1991; «Коридор», 1995; «Үй», 1997; «Эркиндик», 2000; «Жети көзгө көрүнбөс», 2005) эл аралык аренада таанылды. Литва кинематографиясы 20–21-кылымдын чегинде көркөм жана даректүү жанрлардын ширелиши, стилдик көп түрдүүлүгү менен өзгөчөлөнөт. Автордук документалистика салтын 1990-ж. жаңы муундун режиссёрлору улантышты: А. Стонис «Антигравитация», (1995), «Жалгыз» (2001), «Уку укай» (2006), «Коңгуроо» (2007). А. Матялистин балдар онкол. ооруканасы жөнүндө «Жерге конор алдында» (2005) фильмдери дүйнөлүк атакка ээ болду. Литванын Вильнюс, Каунас, Клайпеда, Паневежис, Шяуляй жана башка шаарларында жыл сайын эл аралык «Кино павасарис» («Кино жазы», 1995-жылдан), «Сканорама» (2003-жылдан) кинофорумдары, кыска метраждуу фильмдердин эл аралык «Тинклай» («Сети», 1999-жылдан) фестивалы өткөрүлөт. Литва кинематографисттер союзу 1928-ж. ачылган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7