Вивьен Ли

Википедия дан
Ли Вивьен‎»‎ барагынан багытталды)

Ли Вивьен (Leigh, өз аты-жөнү – Вивиан Мери Хартли, Hartleу), (5. 11. 1913, Дарджилинг, Индия – 8. 7. 1967, Лондон) – англиялык актриса. 1934-жылдан фильмдерге тартылган. Ли «Англиянын үстүндөгү от», «Касиеттүү Мартиндин көчөсү», «Оксфорддогу янкилер» фильмдеринде каармандын татаал психологиялык мүнөздөгү образдарын, ички сезимдерин зор чеберчиликте ачып бере алган. «Шамалга айдалгандар» (1939, реж. В. Флеминг, АКШ, «Оскар» сыйлыгы) фильминде Скарлетт О’ Харанын ролун ар тараптуу жеткилең ойногон жана фильм Лиге зор атак-даңк алып келген. 1940-жылдары кайталангыс ролдорду жараткан: Майра (1940,«Ватерлоо көпүрөсү», АКШ), Эмма (1941, «Леди Гамильтон»), Клеопатра (1946, «Цезарь жана Клеопатра»), Анна («Анна Каренина», 1948, реж. Ж. Дювивье) жана башка 1950–60-жылдары «Стоун айымдын Римдеги жазы», «Акылсыздардын кайыгы» фильмдерине тартылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7