Ли Владимир Владимирович
Ли Владимир Владимирович (1920, Орусия, Приморье крайы, Хасан району, Адиминск айылы – 1983, Бишкек) – зоотехник, биология илимдеринин доктору (1965), профессор (1965). Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген зоотехниги (1976), Кыргыз ССРинин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1980). К. И. Скрябин атындагы КАЧИни бүтүргөн (1949). 1966-жылдан Кыргызстан мал чарба жана ветеринария ИИИде бөлүм башчысы, 1967- жылдан директордун орун басары. 1976-жылдан Кыргызстан мал чарба илимий-өндүрүш бирикмесинин генералдык директорунун орун басары болуп иштеген. Малдын жана канаттуулардын тамак сиңирүүсү жана аларды тоюттандыруунун физиологиясы, кыргыз уяң жүндүү коюнун айрым өзгөчөлүктөрүн изилдеген. 250дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 3 монографиясы бар. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган. Эмгектери: Производство баранины и шерсти на промышленной основе. Ф., 1979.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7