Лоббизм (сүрөөнчүлүк)
Көрүнүш
Лоббизм (сүрөөнчүлүк) (англ. lobbyism , lobby – көп көзүнөн көмүскө күч) – мыйзам долбоорлорун кабыл алдыруу же четке кагуу максатын көздөгөн кандайдыр бир топ же жеке жак тарабынан жеке же кат жүзүндө кайрылуу же болбосо дагы башка ыкмалар (жапырт петицияларды, каттарды, жарыялоолорду уюштуруу) аркылуу парламентчилерге кысым көрсөтүү. АКШда чыккан (1946-жылы Л. жөнүндө атайын мыйзам кабыл алынган); азыр баардык демократиялык өлкөлөрдө бар. Кээбир мыйзам чыгаруу органдарынын алдында лоббисттердин өзүнчө кеңсеси жайгашкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7