Лобнор көлү

Википедия дан
Лобнор көлү.

Лобнор көлү – Тарим түздүгүнүн чыгышындагы туюк көл; Кытайдын батышында, деңиз деңгээлинен 780 м бийиктикте жайгашкан. Көлгө куйган дарыялардын (Тарим, Кончедарыя) чыгымы жана нугу туруктуу болбогондуктан, Лобнордун жайгашкан жери, өлчөмү, туздуулугу жыл сайын же мезгил-мезгили менен өзгөрүп турат. Дарыялар куйганда аянты 3 миң км2ге жетет (9–12-кылымда 14 миң км2 болгон). Көл шор жерлер жана саздар менен курчалып, кургакчыл мезгилдерде же Кара-Кошун көлүнө куйган жылдары бир нече майда иримдерге бөлүнөт же соолуп, нoябрдан апрелге чейин муз каптайт; басымдуу бөлүгү түбүнө чейин тоңот. Кара-Кошун көлүн изилдөө аркылуу (орус саякатчысы Н. М. Пржевальский жана башка) Борбордук Азиядагы «адашкан» дарыялар менен көлдөрдүн проблемасын чечүүгө өбөлгө түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7