Логикалык позитивизм

Википедия дан

Логикалык позитивизм – 1920-жылдары Вена ийриминде пайда болгон аналитикалык философия агымдарынын бири. Бул багыт илимий пикирдин чындыгын текшерип көрүү (верификация) принцибине негизделген эмпиризмди илимий билимдерди логикалык талдоо методу менен айкалыштырууга аракеттенген. Логикалык позитивизмге ылайык чыныгы илимий философия илим тилинде логикалык талдоо катары гана болушу мүмкүн, ал бир жагынан «метафизиканы» (башкача айтканда салттык философияны) четтетүүгө, экинчи жагынан, түздөнтүз маалыматтарды же эмпирикалык жактан текшерилген илимий түшүнүктөрдүн жана ырастоолордун мазмунун аныктоо максатында логикалык түзүлүштү изилдөөгө багытталышы керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7