Логопедия

Википедия дан
Логопед менен бейтап

Логопедия балдардын сүйлөө кемтиктерин изилдейт жана аларды оңдоо, алдын алуу жолдорун иштеп чыгат; дефектологиянын тармагы. Сүйлөө кемтиги сүйлөөнү туура эмес тарбиялоо, сүйлөө аппаратынын оорусу же тубаса бузулушу менен байланыштуу. Мындай кемтиктер — кекечтенүү, чулдуроо балдардын психикалык абалына таасир этип, так сүйлөөгө, жазууга, окууга жолтоо болот. Аны изилдөө, оңдоодо психология, физиология жана медицина илимдеринин ийгиликтерине таянган педагогикалык ыкмалар колдонулат. Ошондуктан дарылоону логопед (сүйлөөнү оңдоочу педагог) менен врач биргелешип жүргүзөт. Балдардын сүйлөө кемтиктерин мектепке барганга чейин оңдоо зарыл. Балдар бакчасынын даярдоо группаларында балдардын сүйлөөсүнүн туура өөрчүшүнө көп көңүл бурулат. Сүйлөө кемтиги бар балдар үчүн атайын балдар бакчасы жана мектептер, логопедиялык пункттар, стационарлар уюшулган. Стационарда сүйлөө кемтигин оңдогондон кийин да сүйлөө көнүгүүлөрүн жасап жүрүү зарыл. Дарылоо канча эрте башталса, ал ошончо натыйжалуу болот.

Классификациялоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азыркы учурда бирдей классификацияланган речтик бузулуу жок. Мындай классификациялоого (М. Е. Хватцев, О. В. Правдина, Р. А. Белова-Давид, М. Зееман, Р. Е. Левина жана башкалар) аракет кылынган. Бул кишинин речтик функцияларын аткаруучу өзүнчө органы жоктугунан натыйжа берген эмес. Речь менен үндүн чыгышы башка физиологиялык функцияларды аткаруучу органдардын ыңгайлашуусу менен болот.Ошондой эле речти угуу жана кабыл алуу дагы башка органдардын ыңгайлашуусу менен болот. Баардык бузулууларды психология жана лингвистика боюнча экиге бөлүүгө болот:

  1. Оозеки речтин бузулушу
  2. Жазуу речтин бузулушу

Оозеки речтин бузулушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сүйлөөнүн фонациондук оформить этүүнүн бузулушу:

  1. Дисфония (афония)
  2. Брадилалия
  3. Тахилалия
  4. Кекечтенүү
  5. Дислалия
  6. Ринолалия
  7. Дизартрия

Сүйлөөнүн структура-семантикалык (ички) оформить этүүнүн бузулушу:

  1. Алалия
  2. Афазия

Жазуу речтин бузулушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Дислексия
  2. Алексия
  3. Дисграфия
  4. Аграфия

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8