Ломе конвенциялары

Википедия дан

Ломе конвенциялары (1975–2000) Африка, Кариб алабындагы жана Тынч океан мамлекеттеринин (АКТ мамлекеттер тобу) жана Европалык экономикалык коомдоштук (ЕЭС, кийин Европа Союзу ЕС) өлкөлөрү менен ассоциация жөнүндөгү макулдашуулары. Ломе конвенцияларынын максаты – өнүгүп келе жаткан АКТ мамлекеттер тобу (негизинен Улуу Британия, Нидерланд, Бельгия жана Франциянын мурдагы колониялары) менен соода-экономикалык мамилелерди түзүп, аларга жардам берүү. Ломе конвенцияларынын башкы идеясы – Европа Союзуна (ЕС) кирген мамлекеттер менен АКТ мамлекеттеринин ортосунда достук жана башка мамилелерди чыңдап, АКТ мамлекеттеринин экономикалык, маданий жана социалдык жактан өнүгүшүнө көмөктөшүү, ошондой эле инвестициялык талаш-тартыштарды эл аралыкукуктук жол менен жөнгө салуу. Мындай макулдашуу алгачкы жолу 1975-ж. Ломе (Того) шаарында өнүгүп келе жаткан 46 мамлекеттин (негизинен ЕСке кирген мамлекеттердин мурдагы колониялары) ортосунда кол коюлуп, кийинки 20 жыл ичинде Ломе конвенциялары төрт жолу түзүлгөн. Акыркы төртүнчү конвенция («Ломе IV») 1989-ж. декабрда 10 жылдык мөөнөт менен (2000-ж. чейин) түзүлүп, анын мүчөлүгүнө ЕСтин 15 мамлекети жана АКТнын 70 мамлекети кирген. Төртүнчү Ломе конвенцияларынын жобосу боюнча АКТ өлкөлөрү өнөр жай жана айыл чарба продукцияларын ЕСке кирген мамлекеттерге эркин болсо да, өзгөчө артыкчылыгы бар жеңилдиктерди талап кылбастан, киргизүүгө укук алышкан. Ломе конвенцияларына катышуучу мамлекеттердин ортосундагы мамилелер 3 негизги орган (Министрлер кеңеши, Элчилер комитети, Бириккен ассамблея) менен жөнгө салынган. 2000-ж. Ломе конвенцияларынын ордуна ЕС жана АКТ тобунун 71 өлкөсүнүн ортосунда Котону макулдашуулары (мөөнөтү 20 жыл) деген аталышта жаңы келишим түзүлүп, конвенциянын башкы идеясы сакталып калган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7