Лоренц сызыгы

Википедия дан

Лоренц сызыгы – рынок экономикасындагы кирешенин бөлүнүшүнүн тең салмактуу эместигин көрсөткөн сызык; өлкөнүн жалпы акча кирешесин төмөнкү жана жогорку кирешелүү үйбүлөлөргө бөлүнүшүн мүнөздөгөн сызык. Эгер кирешелер тең салмактуу бөлүнсө, анда сызык түзөлүп, абсолюттук тең салмактуулук сызыгына өтмөк. Ар бир ишкердин мүмкүнчүлүгү түрдүү болгондуктан, түрдүү кирешеге ээ. Лоренц сызыгы калктын түрдүү топторунун акча кирешелеринин чоңдугун мүнөздөп, элдин жетиштүүлүгүн, сатып алуу мүмкүнчүлүгүн же талабын божомолдой алат. Бирок лоренц сызыгы номиналдык акча кирешелерин гана карагандыктан, практика жүзүндө дээрлик бүт өлкөлөрдө прогрессивдүү салык системасы болгондуктан (киреше жогору болсо, салык да чоң болот), абсолюттук тең салмактуулук сызыгына жакындайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7