Лотуко (эл)

Википедия дан

Лотуко (латуко, отуксо) — Түштүк Суданда жашаган эл. Алар Джуба шаардын тегерегинде жана Ак Нил менен Пибор дарыялардын ортосунда турушат.
Саны (логири, донготоно, лоруама, локойя ж.б. тууган этникалык топтор менен бирге) 400 миң адам.

Тил

Лотуко (лтухо, олоторит) тили нилот тобуна кирет. Диалектилер: донготоно, кориук, ланго, логири, локойя, ломиа, лопит, лоруама, ловудо.

Дин

Калктын көпчүлүгү жергиликтүү салттуу ишенимдерди (ата-бабаларга жана жаратылыш күчтөрүнө сыйынуу) карманышат.

Чарбалык иштер

Негизги салттуу кесиптер — кол малчылык (зебу, майда мүйүздүү мал), кол менен иштетилген жер чарбасы (элевсина, жер жаңгак, маниок, кунжут, буурчак өсүмдүктөр), аңчылык жана балык уулоо.

Кол өнөрчүлүк

Чөптөн, буладан жана пальма жалбырактарынан өрүү, металл иштетүү, жыгачтан оюу (антропоморфтук айкелдерди жасоо) өнүккөн.

Кийим

Эркектер белдемчи, аялдар юбка, көйнөк кийишет. Алар жезден жана темирден жасалган билериктер тагынышат.

Тамак-аш

Көбүнчө өсүмдүктөрдөн тамак. Таруудан жана соргодон ботколор, дан жана жашылча сорполору. Сүттү кан менен аралаштырып ичишет. Эт сейрек жешет.

Турак жай

Алачыктар тегерек, дубалдары сокмо (өрүлгөн жана чопо менен капталган), саман жана пальма жалбырактарынан жасалган конус түрүндөгү чатырлар.
Турак-жай жана чарбалык курулуштары бар, тегереги тосмо менен курчалган тилкелер да мал короо болуп кызмат кылат.

Коом

Аталык уруулук уюм жана чоң үй-бүлөлүк жамааттар бар. Айылдык жамааттар лидер башында турган урууларга биригишет. Гендердик жана курактык институттар маанилүү роль ойнойт. Инициация практикаланат.

Күрөш

Лотуконун ариама же акиама деген өзүнүн күрөш түрү бар. Ал күрөш ритуалдык да, практикалык да. Эркектер да, кыздар да күрөшөт. Сыноолор жана инициация ырым-жырымдары үчүн колдонулат, ага даярдык көрүү үчүн уруу мүчөлөрү күрөшкө алдын ала машыгышат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]