Луначарский Анатолий Васильевич

Wikipedia дан

Луначарский Анатолий Васильевич (11(23). 11. 1875, Полтава – 26. 12. 1933, Франция, Ментона) – орус жазуучусу, сынчы, советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер, СССР ИАнын академиги (1930). Большевиктик «Вперёд»,«Пролетарий» гезиттеринин редакциясына мүчө. В. И. Лениндин жетекчилиги астында активдүү партиялык иш жүргүзгөн. 1908–10-ж. кудай түзүүчүлүктү үгүттөгөн. Октябрь революциясынын катышуучусу (Петроград). 1917- жылдан агартуу эл комиссары. 1929-жылдан СССР БАКтын алдындагы окумуштуулар комитетинин председатели, 1933-ж. Испанияда ыйгарым укуктуу өкүл. Советтик билим берүү системасын уюштуруучулардан. В. И. Лениндин адабият жөнүндөгү осуяттарын системалаштырган («Ленин жана адабият таануу», 1932) жана советтик искусствонун жаңы методун негиздеген. Луначарский – «Королдук чач тарач» (1906), «Фауст жана шаар» (1918), «Оливер Кромвель» (1920), «Мунапыс болгон Дон Кихот» (1922) жана башка пьесалардын, ошондой эле адабий-сын китептердин автору. Чыгармаларына философиялык ойдун курчтугу, тарыхый жалпылоо мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7