Лунин Борис Александрович

Википедия дан

Лунин Борис Александрович (1908, Орусия, Саратов губерниясы, Вольск ш. - 1971, Фрунзе) - география илиминин кандидаты (1948), доцент (1950) Ленинграддагы А. И. Герцен атындагы пед. университеттин геогр. факультетин бүтүргөн.

1937-жылдан Кыргыз пед. интунда жаңыдан уюшулган геогр. факультетинин окутуучусу, КМУнун геогр. факультетинин деканы, кафедра башчысы, университеттин окуу-тарбия иштери боюнча проректору болуп иштеген. Лунин Кыргызстандагы улуттук адистерди даярдоого зор эмгек сиңирген жана Кыргыз геогр. коомунун алгачкы уюштуруучуларынан болуп, география илиминин Кыргызстанда өнүгүшүнө салым кошкон. Анын «Кыргыз ССРи» (1940), «Кыргызстандын географиясы жөнүндө аңгемелер» (эки жолу жарык көргөн), «Кыргызстандын географиясы» (1958, авторлош), «Кыргызстандын жаратылышы» (1962, авторлош) ж. б. эмгектери Кыргызстандын жаратылышы жөнүндөгү маалыматтардын башаты болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2