Мазмунга өтүү

Лупан Андрей Павлович

Википедия — ачык энциклопедия

Лупан Андрей Павлович (2(15). 2. 1912, азыркы Резин району, Мигулен кыштагы – 24. 8. 1992, ошол эле жер) – молдаван жазуучусу, коомдук ишмер. Молдаван ССР ИАнын академиги (1961). Чыгармалары 1932-жылдан жарыялана баштаган. Алгачкы «Ырлар» жыйнагы 1947-ж. жарык көргөн. Жыйнакка анын согуш жылдарындагы (1941–45) ырлары кирген. Лупан – «Балдарга киришме» (1954), «Чебер уста» (1958), «Тууган жер» (1959), «Меймандостук жосун» (1966) жана башка китептердин, адабий-сын макалалардын автору. «Менин жүгүм» аттуу ыр китеби үчүн СССР мамлекеттик сыйлыгын алган (1975). А. С. Пушкин, Н. А. Некрасов, Т. Шевченко, М. Горький, В. Маяковский жана башка акын-жазуучулардын чыгармаларын молдаван тилине которгон. Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7