Лыжа спорту

Википедия дан

Лыжа спорту – кышкы спорттун бир түрү. Лыжа катуу жыгач, кайың, желим, жылып жүрүүчү тамандын эки чекеси катуу материалдардан (бук, эмен, гикарь) даярдалат. Лыжа спорту лыжа менен ар кандай аралыктарга жарышууну (гонки), бута атып, лыжа менен жарышууну (биатлон), лыжанын эки түрүн (жарышуу жана секирүү), лыжа менен секичеден (трамплинден) секирүүнү, тоо-лыжа спортун, слаломду (желекчелер менен белгиленген атайын трасса аркылуу тоодон түшүү), чоң слаломду, фристайлды камтыйт. Лыжаны спортто алгач норвегдер 1555- жылдан колдоно башташкан. 1767-ж. Лыжа спортунун бардык түрү боюнча алгачкы мелдеш өткөрүлгөн. 1924-ж. Эл аралык лыжа федерациясы негизделип, олимпиялык оюндардын, 1929-ж. дүйнөлүк чемпионаттын программасына киргизилет. Лыжа спорту Кыргызстанда 1920-жылдан массалык түрдө өнүгө баштаган. 1936-ж. Караколдо лыжа спорту боюнча биринчи жолу Кыргыз Республиканын биринчилиги өткөрүлгөн. Ата Мекендик согуш учурунда (1942–44) Ленинграддагы П. Лесгафт атындагы Дене тарбия институтунун убактылуу Кыргызстанга көчүрүлүшү, республикада лыжа спортунун өнүгүшүнө чоң түрткү болгон. 1962-ж. Кыргызстандын лыжачылары 1-СССР элдеринин кышкы спартакиадасына катышкан. 1962-ж. лыжа тээп жарышуу боюнча бүткүл союздук мелдештерге катышып, А. Попов, К. Эсенбаева, А. Клюев СССР спортунун чебери деген наам алышкан.

Категориялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Лыжа спортун 4 категорияга бөлсө болот.

  1. Түндүк түрү, же лыжа жарышуу, спорттук лыжага багытталган, трамплинден лыжа менен секирүү, түндүк комбинация- Трамплинден лыжа менен секирип, андан кийин жарышуу.
  2. Альпиялык түрү, же баардык тоолуу жерде лыжа менен жүрүү спорттору: тездик менен түшүү, чоң слалом, эң чоң слалом, слалом, комбинация, бул түрдө чемпион эки түрдүн жыйынтыгы менен аныкталат: тез түшүү жана слалом, ошондой эле командалык жарыштан.
  3. Фристайл, же тоодон ар кандай акробатиялык секирүү жана балет элементтери менен түшүү (могул, лыжа акробатикасы, ски-кросс, слоупстайл, хаф-пайп).
  4. Санакталган тизме бирдиги

Сноуборд, же монолыжада атаыйн көнүгүүлөр. Олимпиядалык эмес, аз тараган лыжа спорттун элементтери бар лыжа спорту да бар:

  1. Санакталган тизме бирдиги
  • биатлон- лыжада жарышуу менен мылтык атуу, көп мамлекеттерде абдан белгилүү өзүнчө спорт түрү.
  • ачери-биатлон
  • ски-тур
  • ски-альпинизм.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7