Люминесценттик анализ
Көрүнүш
Люминесценттик анализ – люминесценция кубулушуна негизделген методдор жыйындысы. Алардын ичинен кеңири таралган методу аныкталуучу зат фотолюминесценциясына негизделген. Мында ультракызгылт көк нурлары менен дүүлүктүргөндө аныкталуучу заттан бөлүнүп чыгуучу жарык толкун узундугу менен интенсивдүүлүгүн ченеп заттын сапаттык жана сандык курамын аныктайт. Ультракызгылт көк нурлар булагы болуп ксенон лампасы жана лазерлер колдонулат. Люминесценция нурларын көз менен же спектрофотометр менен регитрациялайт. Л.а. уранды, сейрек кезигүүчү жер элементтерин (10-5-10-6 % чегинде) аныктоодо колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6