Лямзин, Виктор Андреевич

Википедия дан

Лямзин Виктор Андреевич (1897, Түркмен ССРи, Чаржоу ш. — 1972, Нарын ш.) — Нарында Совет бийлигин орнотууга жана чыңдоого активдүү катышуучу, аскер кызматчысы, майор, 1916—17-ж. унтер-офицер.
1918-жылдан Кызыл Армияда кызмат өтөгөн. 1918—22-ж. Түркмен дивизиясында, Жети-Суу фронтунда батальондун командири, атчандар дивизиясынын бөлүгүнүн командири болуп ак-казактарга каршы, Верный (Алматы) шаарындагы козголоңду басууга, Бухара эмиринин бийлигин кулатууга жана башка катышкан.
1924-ж. Нарын шаарына келип, чек ара аскерлеринин бажыкана башкармасында кызмат өтөп, басмачылар жана контробандачыларга каршы күрөшкөн. Улуу Ата Мекендик согушка катышып жарадар болуп (1-топтогу майып), 1944-ж. кайтып келет. Андан кийин Нарын шаарында бухгалтер болуп иштеген. Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, 1-даражадагы Даңк ордени жана медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.