Ляодун жарым аралы
Көрүнүш
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/b/ba/Location-of-Liaodong-Peninsula.png/220px-Location-of-Liaodong-Peninsula.png)
Ляодун жарым аралы — Кытайдын түндүк-чыгышында, Сары деңиздин Ляодун менен Батыш Корей булуңдарынын аралыгында. Узундугу 225 км, жазылыгы 80–130 км. Жээктери түз, түштүк-батышы (Гуаньдун жарым аралында) риас тибинде. Жеринин бетин бийиктиги 1132 мге чейинки дөбө-дөңсөөлүү түздүк жана жапыз тоолор ээлейт. Бадал, айрым жерлеринде токой өсөт. Түздүктөрү жана өрлөрү айдоо (жүгөрү, гаолян). Ири порттору: Далянь (Дальний), Люйшунь (Порт-Артур).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7