Ляодун жарым аралы

Википедия дан
Ляодeн жарым аралы‎»‎ барагынан багытталды)
Ляодун жарым аралы.

Ляодун жарым аралыКытайдын түндүк-чыгышында, Сары деңиздин Ляодун менен Батыш Корей булуңдарынын аралыгында. Узундугу 225 км, жазылыгы 80–130 км. Жээктери түз, түштүк-батышы (Гуаньдун жарым аралында) риас тибинде. Жеринин бетин бийиктиги 1132 мге чейинки дөбө-дөңсөөлүү түздүк жана жапыз тоолор ээлейт. Бадал, айрым жерлеринде токой өсөт. Түздүктөрү жана өрлөрү айдоо (жүгөрү, гаолян). Ири порттору: Далянь (Дальний), Люйшунь (Порт-Артур).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7