Ляпунов Борис Михайлович

Википедия дан

Ляпунов Борис Михайлович (1862-1943) - орус славист илимпозу, СССР ИАнын академиги (1923).

  • Петербург университетин бүткөн (1885).
  • Одесса (1903-1923) жана Ленинград (1924-1929) университеттеринин профессору. * Ф.Ф. Фортунатов мектебинин өкүлү.
  • Ляпунов славян тилдеринин салыштырма грамматикасы, тарыхы, этимологиясы боюнча илимий эмгектер жазган.

Негизги эмгектери: «1-Новгород жыл баянынын синоддук тизмесинин тили жөнүндө изилдөө» (1-чыг., 1899). «Байыркы славян тилинин жөндөлүш формалары» (1905) ж. б. Ляпунов - Полына ИАнын академиги (1930), Болгар (1932), Чех ИАларынын (1934) мүчө-корреспонденти.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9