Лeпа

Википедия дан

Лeпа – өтө майда нерселерди 2–50 эсе чоңойтуп көрсөтүүчү томпок айнек. Ал жарык нурун чогултуучу фокус аралыгы кыска, тунук линзадан же линзалар системасынан турат. Каралуучу нерсе линзанын фокус аралыгынан алыс эмес жерде жайгаштырылат. Бул учурда биз нерсенин чоңойтулган жана жалган сүрөттөлүшүн көрөбүз. Лeпа чоңойтуусу Г фокус аралыгы f менен төмөнкүчө байланышкан: Г = 250/f, мында D =250 мм жакшы көрүү аралыгы деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7