Мазмунга өтүү

Лeпина (Дубинская) Мария Фёдоровна

Википедия — ачык энциклопедия

Лeпина (Дубинская) Мария Фёдоровна (15. 5. 1926, Казакстан, Костанай облусу, Мендыгорынок району, Долбушинка айылы – 1998, Чүй облусу, Сокулук району) – кызылчачы, Социалистик Эмгектин Баатыры (1948). 1936- жылдан Сокулук районундагы «Дружба» колхозунун кызылчачысы, 1959–79-ж. кызылча өстүрүүчү бригаданын звено башчысы, 1970-жылдан кийин сүт-товар фермасында иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1963–67). Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7