Мастопатия

Википедия дан
МАСТОПАТИЯ‎»‎ барагынан багытталды)

Мастопатияэмчектин оорусу. Мында эмчекте (көбүнчө экөө тең) ар кандай өлчөмдө катуу түйүндөр пайда болот. Кээ бир учурда этек кир келер алдында же келип жатканда оорушу мүмкүн. Ал өзү анча коркунучсуз, бирок түйүндөр шишикке айланып кетиши ыктымал. Ошондуктан эмчекте өзгөрүүлөр пайда болор замат аялдар консультациясына же онкологиялык диспансерге кайрылуу керек. Мастопатия көбүнчө жаш мезгилде (30 жашка чейин) демейде ички секреция бездеринин бузулушунан, көбүнчө жыныс системасынын сезгенүү ооруларына жана абортко байланыштуу болот. Ошондуктан Мастопатиянын алдын алууда жыныс системасынын ооруларын өз убагында дарылоо жана аборттон сактануу чоң мааниге ээ. Эмчектин сезгенүүсү — маститти болтурбоого аракет кылып, аны өз убагында дарылоо зарыл. Эмчектин шишик ооруларын алдын алууда баланы туура эмизүү, аны эмчектен акырындап чыгаруу керек.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8